Чычаң без

Википедия дан
Чычаң без (Larus argentatus).

Чычаң без (glandula uropygii) – канаттуулардын жуптуу тери бездеринен. Ч. б. бир нече без түтүкчөлөрүнөн турат, алардын алып кетүүчү өткөлдөрү акыркы куйрук омурткалардын үстүндө жаткан теринин үстүнкү бетиндеги үрптөргө ачылат. Ч. б-нин майлу секрети канаттарды майлап жана аларды суудан сактайт. Ч. б. өзгөчө сууда сүзүп жүрүүчү канаттууларда жакшы өөрчүгөн (мисалы, казсымалдар), кээ бир түрлөрдө гана (төө куштар, тоодактар, тоту куштар, кээ бир көгүчкөндөрдө) болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]