Чүйлүк Таластык кыргыздар 19-кылым

Википедия дан
Чүйлүк Таластык 19-кылым‎»‎ барагынан багытталды)


Чүйлүк Таластык кыргыздарды орус букаралыгын кабыл алышы.

19-кылымдын 60-жылдарында Кокон хандыгы менен Россиянын тирешүүсү күч алып, Жети-Суу аймагы, анын ичинде Чүй өрөөнүндө бул карамакаршылыктар дана байкалган. Түштүк кыргыздарынан айырмаланып,түндүк кыргыздары Кокон хандыгынын саясий турмушунун пассивдүү байкоочулары болушкан. 1860-62-ж. сарыбагыш уруусунун тынай уругунун манаптары хандыктын саясий турумушуна жандуу аралашууга далалат жасап көрүшөт.Бирок хандыктагы саясий окуялардын өнүгүү өңүтүн ачык баамдай алышпагандыктан улам,так ээлери менен мамилелерин өзүүгө мажруб болушкан.Чүй боорундагы кыргыз урууларын Россиянын курамына киргизүү маселесине падыша өкмөтү чечкиндүү киришкен.Ал үчүн орус аскерлери Чүй өрөөнүндөгү кокондук чептерди ээлеши керек эле. Муну сезген Кокон ханы да ак падышанын колу менен беттешүүгө камынып, Чүйгө сарбаздарын топтогон. Россия менен кокондуктар тирешип турган мезгилде чүйлүк кыргыздар бейтарап абалда болушуп,көпчүлүгү тоо аралай жайлоолорго көчүп кетишкен. Падыша аскерлери Циммермандын кол башчылыгы астында 1860-ж. 23-августа Верныйдан чыгып, 26-августта Токмок чебин басып алып,аны 28-августта толук кыйраткан. Чептеги 100 сарбаз колго түшүрүлгөн. Ошол күнү ага казак-орус кошууну менен А.Г.Колпаковский кошулган. Эртеси алар Бишкекти көздөй бет алышат да,31-августта бул чепти ээлешкен.Коргондун кыйла бөлүгү кыйра, акыры Атабек датка,Алишкер датка баштаган 627 сарбаз багынып берген. Орус аскерлери менен Кокон хандыгынын кошуундарынын ортосундагы беттешүү 1861-ж. 20-октябрда Узунагач бекети жайгашкан Каракастек өңүрүндө өткөн. Алымбек датка өз кошууну менен согушка кирбей койгон. Бул салгылашта орус аскерлери Кокондун кошуундарын бир топ жоготууларга учуратып,артка чегинүүгө мажбур кылган. Бул кармашта Шабдан Жантай уулу кыргыз жигиттерин баштап,орус аскерлерине каршы эрдик менен согушкан. Узунагачтагы салгылашуудан көп өтпөй 1862-ж. сарыбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Карабай уулу Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Россиянын карамагына өтөөрүн билдирет. Ушундай кийин Жантай жана анын уулу Шабдан орус бийлигине кызмат кылууга өтүшкөн. Ормон хан өлгөн соң Жантай сарыбагыш манаптарынын кадырлуу башчысы болуп калган.Орус өкмөтү ага 1867-ж. полковник чинин ыйгарган жана алтын медаль мене сыйланган. 1862-ж. жайында Чүй өрөөнүнүн Бишкектен Таласка чейинки жериндеги солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулу кокондук аким Рахматуллага каршы күрөш баштаган.Байтик баатыр Рахматулланы айла менен тойго чакырып,келген соң аны өлтүргөн. Кокондуктардын Чүй өрөөнүндөгү бегин жайлаган соң кыргыздар бир нече күн Бишкек чебин камалап турган.сепилди ала албасына көзү жеткен Байтик баатыр иниси Сатылганды Верныйга жөнөтүп, А.Г.Калпаковскийден жардам сураган. Орус аскер башчысы 1200 солдаты менен жардамга дароо аттанып,Байтик баштаган кыргыздардын биргелешкен аракетинин натыйжасында,чеп орустардын колуна өткөн. Солто уруусунун бир бөлүгү(Жангарач,Маймыл жана Тынаалы манаптар бийлеген)орус бийлигине баш ийүүнү каалабай,Таластын баш жагына көчүп кетишкен жана орус аскерлерине каршылык көрсөтүш үчүн кол курушкан.Жангарач манап өлгөн соң 1864-ж. анын уулдары жана Кокум манап орус төбөлдөрү менен ымалага өтүшкөн.Таласка көчө качкан кыргыздар 1865-ж. гана Россияга баш ийген.Алар менен бирге Таластагы негизги уруулар -саруулар менен кушчулар орустардын бийлигин тааныган. Демек,чүйлүк жана таластык кыргыздарды Россиянын курамына киргизүүдө ыктыярдуулук менен катар куралдуу зомбулук да колдонулган.