Чүй кыргыздарынын Россиянын курамына бириктирилиши

Википедия дан

Чүй кыргыздарынын Россиянын курамына бириктирилиши 19-кылымдын 60-жылдарынын башында орус аскерлеринин Чүй өрөөнүндөгү Кокон чептерин ээлеши менен бирге ишке ашырылган. 50-жылдардын акырында падыша өкмөтүндө Сибирь жана Сырдарыя тилкелерин кошуп алуу, Орто Азиянын ичкерки райондорун көздөй жылуу маселеси көбүрөөк талкуулана баштап, 60-жылдары бул маселени биротоло чечүү максатында чечкиндүү аракеттер көрүлгөн. 1859-жылы жайында капитан М. И. Венюковдун жер чалып жүргөн отряды Иле чөлкөмүндөгү казак, кыргыз конуштарынын чегине келип, келечекте Түндүк Кыргызстандагы Кокон чеп-коргондоруна чабуул коюуга тирек болсун үчүн Кастек чебин негиздеген. Орус аскерлерине Токмок менен Бишкек чептериндеги Кокон аскерлери каршылык көрсөтүшкөн эмес. Венюковдун чалгынынан кийин, кокондуктарды Чүйдөн сүрүп чыгуу анчейин көп күчтү талап кылбасына орус генералдарынын көзү жеткен. Ошол эле жылдын апрель–июнь айларында Голубев баштаган орус аскерлери Көл кылаасындагы кыргыз айылдарын кыдырып, бугулардын арасында Россиянын таасирин ого бетер чыңдаган. Бирок Кокон хандыгы Ысык-Көлдө кайрадан өз үстөмдүгүн орнотууга, бүтүндөй Түндүк Кыргызстанды өз таасиринде кармап турууга аракеттенип, чүйлүк кыргыздарды канатташ казактар менен кайраштырууну, сарыбагыштарды бугуларга каршы тукурууну уланта берген. А түгүл Кокон ханы көл жээгине жаңы коргон курууга, бугуларга салык салууга ниеттенген. 1859-жылы жаңжалдардын биринде бугуларга туткунга түшүп калган сарыбагыштардын мартабалуу манабы Төрөгелди баатырды, сарыбагыштардын коркутуп-үркүткөн-дөрүнө карабай, бугулар туткундан бошотпой турган. Бугулар россиялык Ала-Тоо округунун улугунан жардам алабыз деп ойлошкон. Сарыбагыштар Төрөгелди баатырды туткундан куткаруу үчүн жортуулга даярдана баштаган. Ушундай катаал учурда Бишкек беги бугулардан зекет төлөөнү талап кылып, эгерде баш тартсаңар 500 жигит жиберип салыкты күч менен алабыз деп коркуткан. Ошол кезде бугунун манаптарынын ыркы кетип, ичара эки топко бөлүнүп калган эле. Жаатташуу айрыкча Боромбайдын көзү өткөндөн кийин (1858) күчөгөн. Бугунун жаңы чоң манабын шайлоодо орус бийлигине баш ийүүнү каалбаган манаптар Муратаалыны, ал эми орус бийлигине моюн сунган топ Качыбекти жана Боромбай уулу Өмүрзакты колдоп чыккан. Абалдын оорлошунан чочулаган Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Ала-Тоо округунун улугу Перемышльский төрөгө жаңы чоң манапты шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүнү сунуш кылган. Ал бугуларга келип, чоң манап мансабын Өмүрзакка ыйгартып кайтат. Бир жыл өтүп-өтпөй бул мансапка орус төрөлөрүнө эмгеги сиңип, жакшы таанылган Качыбек бекитилген. Качыбек жана анын жан-жөкөрлөрү Ала-Тоо округунун төрөсүнөн коңшу уруулардын кол салууларынан, кокондуктардын кысымынан кор-гоону суранышкан. Айрым кыргыз феодалдарынын мындай өтүнүчтөрүн орус бийлиги Чүй өрөөнүнө, Токмок жана Бишкек чеп-коргондоруна жортуул уюштурууда шылтоо катары пайдаланган. Кыргызстандын түндүгүнө жортуул уюштурууга жетекчилик кылуу үчүн Г. Х. Гасфорддун карамагына генштабдын полковниги Циммерман жөнөтүлгөн. 1860-жылы июнда Циммерман Иле чөлкөмүндөгү орус аскерине колбашчы болуп дайындалган. Ошол эле учурда Кокон ханы да ак падышанын колу менен беттешүүгө камынып, Чүйгө сарбаздарын жөнөтүп жаткан. Июль айына карата кокондуктар Чүй өрөөнүнө 5 миңдей сарбаз топтогон. Кокон колу Кастек чебине капысынан кол салып, аны талкалашы керек эле. 1860-жылы 1-июлда Бишкек беги (Атабек датка) Кастек тарапка чалгынчы кошуунун жөнөткөн. Июль айында Кокондун кошуундары Кастек чебине кайра-кайра чабуул коюп, камап турду. Бирок алар сан жагынан кыйла артыкчылык кылса да, чепти ээлей алышкан жок. Полковник Циммермандын кошумча аскер бөлүгү өз учурунда чепке жетип келип, каршылык көрсөтүүгө үлгүрдү. Ошол кезде Бишкекке Ташкен беги Рүстөмбек 3 миң сыпайы менен келген. Бишкекте топтолгон хандын аскери менен чүйлүк кыргыз манаптары кураган кол жанаша турган. Адегенде солто манаптары Байтик Канай уулу, Жаңгарачтын иниси Султанбай, Абайдылда бий, Сарыбагыш манабы Жантай россиялык жаңы баскынчылардан эл-жерди коргоону эп көргөн. Ошондуктан алар жигиттери менен орус аскерлери турган Кастек чебин камалоого катышкан. Кастек чебин кыйратып, орус аскерин алыс сүрүп салуу аракети оңунан чыкпаган соң Кокон ханы дале болсо үмүт үзбөй, Олуяатага 5 миң жоокер жиберген. Бул кол хандын буйругу боюнча Олуяата аркылуу Бишкекке жөнөп, Иле чөлкөмүндөгү орус аскерлерине чабуул коймок. Чүйдөгү Кокондун кошуундарына колбашчылыкка Канаат шаа дайындалган. Чүй өрөөнүн озунуп ээлеш үчүн, Иле чөлкөмүндөгү падыша аскерлери Циммермандын колбашчылыгы астында Верныйдан Токмокту көздөй жортуулга чыгат да, эки күн жол жүрүп, Каракоңуз суусуна жетип келишет (азыркы Масанчи айылы турган жерде). 26-августта Циммермандын кошууну Чүй суусун кечип өтүп, анын сол өйүзүндөгү Токмок чебин басып алган. 28-августта, чеп толук кыйратылган күнү Циммерманга казак-орус кошууну менен Колпаковский келип кошулган. Эртеси алар Бишкекти көздөй бет алышат да, 31-августта аны ээлешет. Замбирек менен аткылоонун натыйжасында коргондун кыйла бөлүгү кыйрап, акыры Атабек датка, Алишер датка баштаган 627 сарбаз аргасыздан багынышкан. Бишкек чебин талкалагандан көп өтпөй, сентябрдын орто ченинде орус ас-керлери Верныйга кайра кайтат. Ошондо Кокон ханы Чүйгө Канаат шаа баштаган 10–15 миңдей аскерин шашылыш жөнөткөн. Кыйраган коргон, чептерди кайра куруп, үстөмдүгүн 1861-жылы убактылуу калыбына келтирген. Канаат шаа менен бирге келген Анжиян вилайетинин беги Алымбек датка кошуунга колбашчылык кылган. 20-октябрда Узунагач бекетинин аймагында орус аскери менен Кокон аскери кайрадан беттешип, негизги салгылашуу Каракастек өзөнүнүн боюнда өткөн. Алгач Алымбек датканын кыргыз, казактардан куралган колу (4 миң атчан жигит) Узунагач чебине чабуул коюп, бирок замбиректин огуна туруштук бере албай кайра тарткан. Эртеси Узунагачка көп аскер менен келген Колпаковский замбирек менен аткылап Канаат шаанын сарбаздарын, Алымбек датканын жигиттерин өрөөндөн сүрүп чыгат. Замбиректин огунан Кокон колунун кыйласы кырылган. Бирок Г. А. Колпаковский Кокон колун биротоло талкалап коё алган жок. Канаат шаа Каракастектен чегинип кеткен соң, орус аскери кайра кайткан болчу. Ошондой болсо да Узунагачтагы окуялар Россия империясынын Түндүк Кыргызстандагы кийинки ийгиликтерин оңойлоткон. Узунагачтагы салгылашуудан көп өтпөй, 1862-жылы сарыбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Верныйга келип, Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы кеминдик кыргыздар Россия империясынын карамагына өтөрүн билдирет. Буга ошол кездеги тарыхый кырдаал, тынай (черикчи) жана болот (эсенгул) уруктарынын ичара чатагы түрткү болгон. Жантай жана анын уулу Шабдан ошондон тартып Россия бийлигине кызмат кылышты (Жантай хан, Шабдан макаласын кара). 1862-ж. жайында Чүй өрөөнүнүн Бишкектен Таласка чейинки күн батыш тарабын ээлеп турган солто уруусунун чоң манаптарынын бири, айтылуу Байтик баатыр кокондук аким Рахматулла даткага каршы күрөш баштаган. Рахматулла 1861-жылы Чүй өрөөнүнүн бектигине дайындалып, анын тушунда кыргыздардан арбын салык алынып турду, кокондуктардын зордук-зомбулугу өтө күчөгөн. Кокондук төрөнү, анын сарбаздарын жайлап, алгачкы жеңишке шыктанган кыргыздар бир топ күн Бишкек чебин камап турду. Бирок курал-жарагы начар, чаржайыт чабуул жасаган кыргыз колу сепилди ала алмак эмес. Ошондуктан Байтик баатыр Г. А. Колпаковскийден жардам сурап, иниси Сатылганды Верныйга жөнөткөн. Орус төрөлөрү мурдатан эле Түндүк Кыргызстанды Россиянын карамагына биротоло киргизүүгө камынып, Чүй өрөөнүнө жаңы жортуул уюштурууга даяр турган. Байтиктин элчи чабармандары келери менен Г. А. Колпаковский Батыш Сибирдин жаңы генерал-губернатору Дюгамелге (1861-жылдан тартып) кабарлап, Бишкекти ээлөө боюнча андан көрсөтмө алган. 1862-жылы 3-октябрда падыша аскерлери Г. А. Колпаковскийдин колбашчылыгы астында Верныйдан Чүйдү карай бет алып, 13-октябрда Бишкек чебине жете келген. Орус аскерине Байтик баатыр жигиттери менен кошулган. Рахматулланын ордуна чептин бегинин милдетин аткарып жаткан Төрөкул баатыр баштаган кокондук сарбаздар катуу каршылык көрсөтүп, чепти камалоо бир нече күнгө созулган. Акыры замбиректин огунун коштоосунда орус колунун кысымына туруштук бере албай Кокон кошууну аргасыздан багынган. 24-августта чеп Г. А. Колпаковскийдин колуна өтүп, кыйратылган. Чүй боорундагы ири Бишкек чебин ээлөөнүн натыйжасында орус аскеринин Кыргызстанга, Орто Азияга ичкерилеши, Россия империясынын үстөмдүгүнүн орношу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, ыңгайлуу кырдаал түзүлгөн. Чүй өрөөнүнүн этегинде кокондуктардын башкы таянычы катары Олуяата чеби гана калган. Бирок бул чеп деле кубаттуу Россия империясынын аскеринин чабуулдарына узакка туруштук бере алмак эмес. Бишкек чебин талкалагандан кийин кыш жакындап калгандыгына байланыштуу Г. А. Колпаковский 2-ноябрда Верныйга убактылуу кайтып кеткен. Ошол кезде Жаңгарач, Маймыл жана Тынаалы манаптар бийлеген солто уруусунун бир бөлүгү орус бийлигине баш ийүүнү каалабай, Таластын төрүнө конуш которгон эле. Орус бийлиги 1863-жылы Токмокко аскер старшинасы Бутаковдун казак-орустар кошуунун Кеминди чалгындоо үчүн жөнөтөт. Бутаков Токмокко солтонун манаптары Байтик, Корчу, Макеш, Шайдылданы, Өзбек Бошкой уулун, сарыбагыштардан Менде менен Мырзаалыны чакырат. Аталган манаптардын баарын Бутаков казак-орустардын коштоосунда Верныйга айдатып барып, кыйла күн барымта катары кармап турган. 1864-жылы солтонун чоң манабы Жаңгарач көз жумгандан кийин анын уулдары жана Көкүм манап орус төрөлөрү менен ымала түзө башташат. Ал эми Маймыл манаптын тобу орус бийлигине каршылык көрсөтүүнү уланта берген. Айрым маалыматтарга караганда ал көп өтпөй падыша аскерлеринин колуна түшүп, орус мамлекетинин өтө коркунучтуу душманы катары өлүм жазасына тартылган. Ошентип 60-жылдардын орто ченинде Чүй өрөөнүн жердеген кыргыздарды Россиянын курамына киргизүү аяктаган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.