Чөлмөк

Википедия дан

Чөлмөк - токуу станогунун жумушчу тетиги.

Ал кездемени токууда эриш жиптердин арасына жиптерди аркак киргизип турат. Эң жөнөкөй Чөлмөк жиптин аркагын бекитүү үчүн учтарына кесик түшүрүлгөн ичке жалпак жыгачтан жасалат. Кыйла татаал Чөлмөк чыгырыктын (шпульканын) ичинде болот. Токуу Чөлмөктөрү көп мезгил бою бук, граб, курма, пальма сыяктуу катуу жыгачтан жасалган. 20-кылымдын башталышында өзгөчө ыкма менен ныкталган жыгач - лигностон, ал эми 70-жылдардан баштап фенолформальдегид чайыры менен иштетилген, балык кармоочу капрон тордон жасалган жаңы материал тигүү Чөлмөктөрү үчүн колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4