Чөл ызгыты

Википедия дан

Чөл ызгыты (Vanellus gregarius), (Pallas, 1771):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук изилденген эмес. Өткөн кылымдын 70-жылдары Ысыккөлдүн батыш жээгинде чоң ызгытты жолуктуруу жөнүндө маалымат бар. 2003-жылы 9-майда 3 особң Ананңев айылынын аймагында жолукканы белгилүү ( Ысыккөлдүн түндүк жээги) .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талаа жана жарым чөлдүү зоналарда жашоосу мүнөздүү. Ушундай жерлер Тянңшандын тоо этектери талапка жооп берет. Уялоочу жерлери – шор участкалуу кургак боздоңдор, өсүмдүктөр өтө сейрек өскөн жерлер. Бардык боздоңдордо жайкы жана күзгү көчүү мезгилде жолугушу мүмкүн. Учуп өтүү убагында көлмөлөргө жакын жайланышат, бирок кургак участкаларда.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок. Бардык жерлерде саны азайууда. Казакстанда 70-жылдарга салыштырганда 4 эсе азайды . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жылдын өзгөчөлүктөрүнө, жашаган жерлерине жараша уялоого марттын башынан майдын ортосуна чейин учуп келет. Казакстанда Наурзум жана Кургалжын коруктарында уялашат. Кыргызстандын территориясында уялашы байкалган эмес. Уясын чуңкурга же өлөң чөптүн арасына салат. Уялаганда оң чактыдан турган колонияны түзөт . Уясында 4 жумуртка, аны 21-25 күн басып чыгарат. Биринчи тууган жумуртка жарабай калса, кайтадан тууйт. Басып чыгарганга ургаачысы жана эркеги алмак-салмак басып чыгарат . Азыгынын негизин курт-кумурскалар түзүшөт. Кара коңуз, шиш тумшук коңуздар, чегирткелер, коңуздар, көпөлөктөрдүн гусеницалары ж.б. .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоочу жерлерге мал жаюу, чар каргалар уяларын талкалашы .

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Россияда 3 жумуртканы инкубациялап 2 балапан чыгарылган, анын бирөө чоңойтулган .

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аңчылык кылууга тыюу салынган. СССРдин жана Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Казакстандагы Наурзум жана Кургалжын коруктарында уялаган жерлери коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талааларды өрттөп жана мал жайуудан сактоо. Эл арасына коргоо боюнча пропаганда жүргүзүү.Түргө мүнөздүү жерлерди изилдөө.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

I I I category, Critically Endangered, CR, A3bc. Жоголуп бара жаткан түрлөрдүн бири. Казакстан жана Россиянын эндемиги.Уруудан бир гана түр, монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]