Чөө

Википедия дан
Чөө.

Чөө (лат. Cuon alpinus, Pallas, 1811):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурунку таралган ареалы – Тянңшанң менен Алайдын бүт тоо системасы. Болжолдуу мурунку таралган жерлери – Алай сырты тоо кыркасы, Алай өзөндөрүнүн башы, Аксай суусунун өрөөнү, Нарын жана Талас Алатоо кыркалары, Кетментөбө ойдугунун тоо беттери, Фергана тоо кыркаларынын түндүк беттеринде Казакстан менен чектеш территорияда кезиккени көрсөтүлгөн.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алңпы жана субалңпы алкактарынын талаалуу биотоптору, токойлуу алкактын жогорку бөлүгү. Туяктуу жандыктар менен бир жерде таралган.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жоголуп кеткен түрлөрдөн болушу мүмкүн. 1922 жылдан 1956 жылга чейин сыйлык алыш үчүн өткөзгөн карышкырдын терисинин арасында алты тери чөөнүкү болуп чыккан. Бирок, теричилердин туура аныкташканына толук ишенүүгө болбойт.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда изилденген эмес. Адабияттарда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча чөө күндүзү да, түнкүсүн да активдүү, 500 км ге чейин же андан да ашык алыстыкка көчүүгө жөндөмдүү. Кууту январң-февралдарга туш келет, 62-64 күн көтөрүп, 3-9 күчүк тууйт. Жыныстыгы 1-2 жылда жетилет. Көбөйүшүнөн сырткары 5-10дон турган үйүрдү (30 особго чейин) түзөт. Жапайы туяктууларга, негизинен текелерге аңчылык кылат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чөөгө карышкыр менен иттердин конкуренциясы, болжолдогондо адам тараптан түздөн-түз куугунтуктоо.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда колдо багылбайт. Айрым дүйнөлүк зоопарктарда ийгиликтүү көбөйүшөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IUCN Кызыл китебине EN категорияда көрсөтүлгөн. «Жапайы фаунанын жана флоранын жок болуп бара жаткан түрлөрүнүн эларалык соода-сатык кылышы боюнча конвенциянын 2-тиркемесине киргизилген (СИТЕС). 1975-жылдан бери Кыргызстанда атууга жана кармоого тыюу салынган, 1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ӨКЖА (өзгөчө алынган жаратылыштык территорияларда) жасалма жол менен көбөйтүү жана репродукциялоо. Республиканын территориясында чөө жашаган жерлерди билүү максатына ылайык кеңири анкета алууну жүргүзүү. Кыргызстанда көбөйтүүнүн биологиясынын өзгөчөлүктөрүн жана курчаган чөйрөгө ыңгайланышын изилдөө.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III категория Critically Endangered, CR: R. Кыргызстан боюнча IUCN маалыматтары көрсөткөндөй (айткандай) (IUCN 2004, 2004 IUCN Red List of Threatemed Species. Акыркы 50 жылдын ичинде Кыргызстандын территориясында чыныгы катталуусу жөнүндө фактылар жок. Кыргызстандын жана КМШдин фаунасында уруунун бир гана өкүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]