Мазмунга өтүү

Шаар чырактары

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар чырактары
РежиссеруЧарли Чаплин
ПродюсерЧарли Чаплин
ЖазуучуЧарли Чаплин
ОператоруРоланд Тотеро
Гордон Поллок
Марк Марклатт
ТартылгандарЧарли Чаплин
Виржиния Черрилл
Флоренс Ли
Гарри Майерс
МузыкасыЧарли Чаплин
Гүл кыздары темасы Хосе Падиля


Оркестрди башкарган Артур Жонстон жана Алфред Нүман
РедакторуЧарли Чаплин
ЖайылтуучуUnited Artists
Чыккан жылы
  • январь 30, 1931 (1931-01-30)
Узактыгы87 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$1.5 млн
Киреше$5,019,181

"Шаар чырактары" (англ. City Lights, орус. Огни большого города) — 1931-жылы Чарли Чаплин жазган, тарткан жана аткарган америкалык кодекске чейинки үнсүз романтикалуу комедия. Тасма Чаплиндин сокур кызга (Виржиния Черрилл) ашык болгон кездеги кабылган кокустуктары жана аракеч миллионер (Гэри Майерс) менен болгон тынчы жок достугун баяндайт.

1928-жылы Чаплин тасманын сценарийин жазып баштаганда үндүү тасмалар өнүгө баштаганы менен ал тасманы үнсүз тартууну улантууну чечкен. Тасманы тартуу 1928-жылы декабрда башталып, 1930-жылы сентябрда аяктаган. "Шаар чырактары" Чаплин музыкасын жазган алгачкы өзүнүн өндүрүмү жана аны Артур Жонстон менен 6 жумада жазып бүткөн. Тасмада сокур гүл кызга лейтмотив катары колдонулган негизги музыка "La Violetera" (Менин фиалкамды ким сатып алат) испан композитору Хосе Падилла жазган. Чаплин музыканын акысын төлөбөгөнү үчүн Падиллага сот ишинде утулуп калган.

"Шаар чырактары" 1921-жылы 30-январда чыгаары менен ийгиликке жетип, $5 миллион киреше тапкан. Бүгүнкү күндө көптөгөн сынчылар тасманы Чаплиндин эмгек жолундагы эң чоң жетишкендик гана дебестен, бардык мезгилдеги эң мыкты тасмалардын бири деп эсептешет. 1991-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган. 2007-жылы "AFI" бардык убактагы америкалык эң мыкты тасмалардын 11-орундагы тасмасы деп белгилеген. 1949-жылы сынчы Жеймс Эгии тасмадагы акыркы көрүнүштү "кино индустриясындагы эң мыкты аткаруу" деп айткан.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]