Шабданбай кызы Бытыкан

Википедия дан

Шабданбай кызы Бытыкан (1912-93) Чырмакчы. Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында төрөлгөн.

Апасы Зыяданын үндөктөөсү аркасында ал абалы чий чырмакчылыкты, анан саймачылыкты, кийин кийизчиликти колго алган.

Бытыкан тор чачык түйүп, анын учун төкмө чачылоонун чыгаан чебери. Кийин тебетей, калпак, топу өңдүү элдик баш кийимдерди бычып-тигип «иштүү» аталган. Мында ал козуулактын көрпөсүн, суур, түлкү, коён өңдүү аң терилерин баш кийимдерине негизги жердик кылып алат. Аларды колдо иштетип (ашатып, ийлеп, өңдөп), адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата «карыялардын тебетейи», «орто жаштагылардын тебетейи», «күлгүн курактагылардын тебетейи», «беш көкүлдүн тебетейи» сыяктуу түргө бөлүп, өзүнчө алардан үлгү чыгарып узданат. Мында баш кийимдин жердигинин түгүнүн узун-кыскасы, адими-жөнөкөйү, арзан-кымбаты, анын табылышы, иштетилиши сыяктуу бөтөнчөлүктөрдү узданууда эске алат. Уздун чий буюмдарыңда эски салттуу көркөм көчөттөрдү кайталоо, табакча-табакча аркылуу берип, төрт табакчаны буюмга борбордук көчөт, алардын жарымын колтук көчөтү үчүн түшүрүү уздун уздук негизги ыкмасы. Ал «омуртка оюмун», «мүйүз оюмдарын» үлгүнүн негизги каражаты катары карайт. Уздун андай касиети анын кийизчилигине да таандык. Бытыкан мурун энелеринен көргөңдөрүн анча-мынча өзгөртүп жасаса, кийин кызы Шакен Мамбетаипованын (ал жөнүндө өзүнчө макала бар) кагазга түшүргөн үлгүлөрү аркылуу такай өкмөттүк ири тапшырмаларды аткарган. Аларга «Тынчтык», «Ашкана чий», «Мейман күтүү», «Кыргызстандын мамлекеттик герби», «Өзбекстандын мамлекеттик герби», «Казакстандын мамлекеттик герби», «Тажикстандын мамлекеттик герби», «Молдавия ССРинин мамлекеттик герби», «В. И. Ленин» өңдүү башка уздар менен биргелешип бүтүргөн саймачылык, чырмакчылык аркылуу чебер аткарган иштери кирет. Б. Шабданбаева - узчулуктун мектебин түзүүчүлөрдүн бири. Анын неберелери Дамира, Жибек, Шайгүл, Жыргалдар өз бетинче узданышууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0