Шабдан шаар чалдыбары

Википедия дан

Шабдан шаар чалдыбары – 11–13-кылымга таандык шаар калдыгы. Чоңкемин өрөөнүндөгү Шабдан айылынын батыш жагында жайгашкан. Тик бурч формада, жактарынын узундугу 490х860 м. Сакталып калган дубалдардын бийиктиги 2–5 м, жазылыгы 18–20 м. Дубалдары мунаралар менен бекемделген. Дубалдын сыртын бойлой жазылыгы – 8 м, тереңдиги 2 м аң казылган. Археологиялык казууда 11–13-кылымга мүнөздүү кооздолгон айнектен жасалган идиш-аяктардын сыныктары, чийки жана бышырылган кыштар табылган. Шаар чалдыбары П. Н. Кожемяко тарабынан изилденген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.