Шаймерден өрөөнү

Википедия дан

Шаймерден өрөөнү - Түштүк Кыргыстанда Алай тоо системасында кеңдик багытта бири-бирине жарыш жаткан Коллектор жана Катраң тоолорунун аралыгында Кадамжай районунун аймагында Узундугу эки даван суусунун башынан Охна суусуна чейин 70 км, Кыргыз Республикасынын чегарасына чейин 90 км. Коллектор тоосу (эң бийик чокусу 5259 м) төр жагын тороп жатат. Өрөөндү түндүк батыштан курчаган Катраң тоосу анча бийик эмес (3375 м). Катраңдын түштүгүндө 1200–2200 м бийиктикте Шаймердендин бир бөлүгү Охна ойдуңунун (туурасы 6кмге чейин) жайгашкан.Ал кошулган жерден түндүктү карай Шаймерден өрөөну. Меридиан багытын алып (узундугу. 10км), капчыгай капталы теленип кетет. Мында Кадамжай шаарчасы, Вуа диль, Жийдели кыштагы бар. Шаймердендин баш жагы – Көк-Суу капчыгайында Курбан көлү (аянты, 13 км2) бар. Шаймерден. Өрөөнүнүн эң ири аймагы – Ак-Суу (узундугу 45 км) Шаймерден кышнан батышка, анан түштүккө созулуп, Алаудин даванына барып такалат. Климаты кургак, континенттик. Жылдык жаан чачыны 200–600 мм. Тоо этектерин, ойдун жерлерди, адырларды боз топурактуу шыбак, шор жана эфемер өсүмдүктүү жарым чөл ээлейт. 1000–1600 м бийикте күңүрт боз, боз таштак топурактуу, буудайык, аккылкан, шыбактуу талаа жатат. Тоо капталдарында (1600–3200 м) күңүрт күрөң, күрөң топурактуу бадал-шалбаалуу талаада сейрек арча токою. 3000–3800 мде субальп жана альп шалбаалуу талаасы, 3800мден жогору гляциалдык-нивалдык тилке орун алган. Өрөөндө (Иордан кыштагы) өзбек элинин улуу акыны Хамза Хакимзаде Ниязинин күмбөзү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]