Шайназаров Тынчтык Урайимович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайназаров Тынчтык Урайимович Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында 1974-жылдын 27-февралында төрөлгөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1996-жылы Чон-Алай райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп баштаган.
1997-1999-жылдары Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсү, 1999 – 2001- жылдары Ош областтык прокуратурасынын кылмыштуулукту тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору болуп эмгектенген.
2001-жылдан 2002- жылга чейин Ош областтык прокуратурасынын улук тергөөчүсү, 2003-2004-жылдары кылмыштуулукту тергөөгө көзөмөл жүргүзүү секторунун прокурору болуп иштеген.
2004- 2007 -жылдары Ош областтык прокуратурасынын кылмыштуулукту тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу, начальниги болгон.
2007-2009-жылдары Ош шаарынын, Ош областынын прокурорунун улук жардамчысы.
2009-жылы Жалал-Абад шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу, 2010-жылы прокурор болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрь айында “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
«Республика» депутаттык фракциясынын мүчөсү.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[https://web.archive.org/web/20110810022244/http://www.kenesh.kg/Articles/501-SHAJNAZAROV_Tynchtyk_Urajimovich__Frakciya_Respublika.aspx Archived 2011-08-10 at the Wayback Machine]] Cotegory: Персоналия