Шайымбет

Википедия дан

Шайымбет"Манас" эпосунун кейипкери. Эштектердин Жамгырчысынын уулу. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Семетей Таласка көчүп келгенден аны менен талапташ, максатташ болуп, иш-аракетине дайыма колунан келген жардамын көрсөтөт. Семетей Коңурбайды жеңгенден кийин атасынын өчүн алды деп карындашы Акбаланы тартууга алып келет. Семетей Акбаланы Күлчорого алып берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4