Шакар

Википедия дан

Шакар, шакар самын, кара самын - колдо жасалган самындын бир түрү.

Шакар жасаш үчүн июль - август айларында алабата (шоро), чогойно (тоо тикен ж. б.) чабылып, кургатылгандан кийин таза, такыр жерге өрттөлүп, күлү өчүрүлөт. Алынган күл сууга чыланып, чыпкаланып сүзүлөт да, Шакардын маңызы бөлүнүп чыккан ошол суу соолгончо казанга кайнатылып, андан порошок сымал майда Шакар алынат.

Алынган Шакар казандагы ысытылган майга текши аралаштырылып, кайнатылат. Шакар коюу боткодой бириге баштаганда чүпүрөккө салынып, ар түрдүү өлчөмдө тоголоктолуп кургатылат. Шакар самын элдик медицинада котур, таз сыяктуу жараларды айыктыруу үчүн да колдонулган. Азыр самындын жетиштүү санда өндүрүштө даярдалышына байланыштуу Шакар жасалбай калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.