Шакаптар ламиропаппусу

Википедия дан
Шакафтар ламиропаппусу‎»‎ барагынан багытталды)

Шакаптар ламиропаппусу (лат. Lamyropappus schakaptaricus, (B. Fedtsch.) Knorr. et Tamamsch) - Көп же эки жылдык ийик сымал жоон тамырлуу өсүмдүк. Сабагынын бийиктиги 50–60 (80) см, жалгыздан, кээде бир нече санда, агыш түктүү, бутактуу. Жалбырактары кабыктуу, төмөнкүлөрүнүн узундугу 5–3 см, туурасы 4,5–15,0 см, жалбырак саптуу, үстү түксүз, алды ак жыш түктүү, тарактай тикендүү кырдуу. Сабактагы ортоңку жана жогорку жалбырактары сапсыз, сөлөкөтү жумурткадай же күрөктөй. Себетинин жазылыгы – 20–30 мм, ороочолору көп, катуу кабыктуу. Желекчелеринин узундугу – 35 мм, кызыл. Урукчаларынын узундугу – 8–10 мм, бозомук. Үкүлөрүнүн узундугу – 18–22 мм.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнң-июлда гүлдөп, августта мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстан ( Балкаштын түштүк батыш жагындагы чөлдөр) жана Кыргызстанда - Нарын дарыясынын агымынын ортосундагы тоолор, Чаткал (Шакаптар жана Ташкөмүрдүн тереги) жана Фергана тоо кыркалары (Майлуусай суусунун бассейни Жийдесай капчыгайы), Кетментөбө өрөөнү (Көккыя капчыгайы).

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өрөөндөрдөн тоо этектеринин капталдарындагы таштак, кызыл, кара таштуу, чопо топурактар, суулардын өрөөнүндөгү таштак-чополуу, тоо этектериндеги ойдуңдар.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аз санда кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малды баш-аламан жайып, жайыттарга оордук келтирүү. Жерлерди өздөштүрүү жана курулуш иштерин жүргүзүү.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. СССРдин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясына эсеп жүргүзүп, ботаникалык заказник уюштуруу, декоративдүү өсүмдүк катары атайлап өстүрүү зарыл.

Статус[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Сейрек кездешкен монотиптүү тукумдун өкүлү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]