Шакек салмай

Википедия дан

Шакек салмай, шакек катмай, шакек жашырмай – кыргыздын элдик оюну. Көбүнчө улан-кыздар ойношот. Оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат (чындыгында шакекти бир оюнчуга гана берет). Оюн андан ары эки түрдө уланат;
1. Шакек салган киши башка бир оюнчудан: «шакек кимде?» деп сурайт. Эгер ал шакекти тапса катып отурган оюнчу, таппаса өзү ырдап берет да, оюнду андан ары улантат;
2. Шакек салган киши өз ордуна отуруп; «алтын шакек, атып чык» дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эки жагындагынын бири кармап калса, ал «жазаланат» да, кайра ордуна отурат. Шакек салган оюнчу оюнду улантат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.