Шакирова, Гүлжамила

Википедия дан

Акын Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде, улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында радионун «Казына» чыгармачылык бирикмесинде «Нуска» аттуу автордук программасын, «Дил жаңырыгы» программаларын эфирге даярдап, алып барат.
1987-жылы «Сапардагы каркыра» деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.
1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү.
Г.Шакирова уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн КТРдин «Мыкты журналисти» деген диплому, 1996-жылы «КТРдин отличниги» төш белгиси менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Комитетинин 70 жылдык салтанатында «Ата-Журтка ак кызмат» аттуу ыры Гимн катары кабыл алынып, Президенттин Коопсуздук Комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз теле-радиосунун алтын фондусуна алынган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Сапардагы каркыра: Ырлар.–Ф.: Кыргызстан, 1987. – 28 б.

Даанышман кеп.–Б.: Кыргызстан, 1990.

Дилазык: Ырлар.–Б.: Бийиктик, 2004.