Шакиров Азизбек Бакаевич

Википедия дан

Шакиров Азизбек Бакаевич (13. 1. 1963ж. т., Вишкек) - вет. илимдин доктору (2006). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1984), И. Арабаев атындагы КМПУну (2004) бүтүргөн.

1984-88-ж. Чүй обл-нун Кочкорбаев атындагы колхоздо ветврач, 1989-90-ж. Кыргыз ветеринария ИИИде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, 1990-93-ж. «Кыргыззооветснабпром» бирикмесинде төраганын орун басары, төрагасы (1993-95), КРдин Айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары (1995-96), 1996-2001-ж. Бишкек эт комбинатынын директору, 2001-04-ж. КР Өкмөтүнүн алдындагы Антимонополиялык саясат мамлекеттик комиссиясында төраганын кеңешчиси, 2004-06-ж. КР Өкмөтүнүн алдындагы Антимонополиялык саясат мамлекеттик департаментинин директорунун кеңешчиси, Антимонополиялык саясат жана конкуренцияны өрчүтүү боюнча улуттук агенттиктин директорунун кеңешчиси, К. И. Скрябин атындагы Россия гельминтология институтунда (Москва ш.) Борбордук Азия боюнча эксперт (2007-14), 2014-жылдан КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекдиясынын директору болуп иштейт. Паразитология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 2 момнографиясы, 4 китеби жарык көргөн, 2 патенттин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4