Шалк этме

Википедия дан

Шалк этме - согушта колдонулуучу курал. Кыска эки таяктан туруп, бирөөсүнүн учуна тоголок (шар түрүндөгү) металлдан (темирден, колодон) жасалган салмактуу бөрк бекитилет. Айрым бөрктөрдө уштугуй бүртүкчөлөр болот. Экинчи жыгачтын учуна колго илип алууга ыңгайлашкан түйүн жасалат. Согуш ишинде кыймылга ийкемдүү болуш үчүн таякчалар бири-бири менен экинчи учтарынан кайыш же чынжыр менен туташтырылат. Шалк этме кыргыздарда курал катары колдонулгандыгы Манас дастанында белгилүү. Кыргызстандын аймагындагы археологиялык табылгаларда азырынча белгисиз. Этнографиялык материалдарды чогултуу учурунда Ош жана Талас өрөөндөрүнөн табылып, Ош жана Манас ордо комплекс музейлерине коюлган.

[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5