Шамкеев, Анарбек

Википедия дан
Анарбек Шамкеев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Анарбек Шамкеев
Туулган жылы: 1947-жыл
Каза болгон жылы: 2008-жыл (61 жашта)
Туулган жери: Май-Дөбө айылы, Кара-Буура району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Наамы: генерал

Шамкеев Анарбек (1947-ж. т., Кара-Буура району, Май-Дөбө айылы) — генерал-майор.
1970-ж. СССР ички иштер министрлигинин алдындагы Ф. Дзержинский атындагы жогорку командирлер окуу жайын, 1988-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
1966—67-ж. Барнаул шаарындагы аскер бөлүгүндө аткыч, 1967—70-ж. Саратов аскер окуу жайынын курсанты, 1970—71-ж. взводдун командири, 1971—80-ж. Бишкек шаарындагы аскердик бөлүктөгү командирдин саясий орун басары, рота командири, штаб начальниги, 1980—84-ж. СССР ички иштер министрлигинин ички аскерлер башкармасынын Казакстан жана Кыргызстан (Алматы ш.) боюнча аракетчил бөлүмүнүн офицери, 1984—90-ж. өзүнчө батальондун командири, 1990—92-ж. полктун командири.
1992-жылдан Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлерине командачы — башкарманын начальниги. Кыргыз Республикасынын эл депутаты (1990). «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чекарачылар: “Аскерди саясатка тартпагыла!”