Шам шарт

Википедия дан

Шам шарт- кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюн тегиз жерде, мектептин спорт аянтчасында ойнолот. Оюнду 13 жаштан жогорку 20-30 бала ойнойт. Оюнга калыс шайланат.
Калыс өзү каалаган төрт оюнчуну ортого чыгарат. Бир оюнчу сол колунун алаканын оң колтугунан чыгарып, оң колунун алаканы менен көзүн далдалап сол жаагын басып турат. Калган үч оюнчунун бири жаагын таянып турган оюнчунун арт жагынан келип, анын алаканын өз алаканы менен чабат. Ошол замат үч оюнчу тең азыр эле чаап жибергендей түр көрсөтүшүп, манжаларын жумган бойдон колдорун алдыга сунуп, баш бармактарын көтөрүп туруп калышат.
Эгер алаканына чаптырган оюнчу чапкан оюнчуну тапса, анда ал оюнчуларга кошулуп, анын ордуна табылган оюнчу турат. Эгер чапкан оюнчу табылбаса, анда оюн мурдагыдай эле улана берет. Ортодо турган оюнчу чапкан оюнчуну үч жолу чапканга чейин таба албаса, калыс анын ордун башка оюнчу менен алмаштырат. Бирок чапканды таба албаган оюнчу ырдап, бийлеп, комуз чертип, кызыктуу аңгеме айтып, же болбосо оюнчуларды күлдүрүүгө тийиш.

Маалымат булагы: Токторбаев С.Өспүрүмдөр оюндары.