Шарт көрүстөнү

Википедия дан

Шарт көрүстөнү – б. з. ч. 7–2-кылымга таандык археологиялык эстелик. Алай районунун Кызылкыштак айылына жакын Шарт коктусунда жайгашкан. Көрүстөн тегерек түзүлүштө болуп, айланасы таш менен курчалган. Көрүстөндөрдүн үстүнө төрт чарчы сымал таш курулушу курулган. Көрүстөндүн ичинен бүрүштүрүлгөн адамдын сөөгү, карапа чөйчөгү, ошондойэле сырдалып оймо түшүрүлгөн карапа сыныктары, жыгач аяк, коло сөйкө, көк түстөгү шурулар табылган. А. Н. Бернштам тарабынан изилденилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.