Шаршеев, Жуматай

Википедия дан

(1942–1994)

Жазуучу Жуматай Шаршеев Чүй районундагы Ак-Бешим айылында 1942-жылы 17-июлда туулган. 1964-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1964-жылы Кемин районунун Новороссийск айылынын орто мектебинде, Чүй районунун Кегети, Алчалы орто мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1964–1967-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1967-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинде кабарчы, «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.
Ж.Шаршеевдин чыгармачылык жолу 1960-жылдан башталып, биринчи поэтикалык жыйнагы «Батперек» деген ат менен 1967-жылы жарыкка чыккан. Журналист катары республикалык басма сөз беттеринде публицистикалык макалалары, аңгемелери, репортаждары, очерктери, фельетондору жарыяланып турган. 1976-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Батперек. – Ф.: Мектеп, 1967. – 19 б.

Жүрөктөгү тактар: Повесттер, аңгемелер – Ф.: Мектеп, 1970. – 160 б.

Катаал операция: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1972.–152 б.

Кайрадан көктөм: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1975.


Лениндик достуктун жемиши. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 49 б.

Жашыл дарак: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.

Өңүмбү же түшүмбү?: Сатиралык аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 92 б.

Алакандагы күн: Аңгемелер жана повесттер. – Б.: Адабият, 1991. – 304 б.