Шаршекеев, Өзгөрүш

Википедия дан
Шаршекеев Өзгөрүш
Туулган жылы:

1935-жыл

Туулган жери:

Кереге-Таш айылы, Ак-Суу району

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Физика, Астрономия, Механика

Иштеген жери:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети)

Илимий даражасы:

физика-математика илимдеринин доктору (1984)

Илимий наамы:

профессор (1986)

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Сыйлыктары


Эмгектеги артыкчылыгы медалы, 1982-жыл; КРнын илимине эмгек сиӊирген кызматкери, 1993-жыл; «Даӊк» медалы, 2001; «КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты», 2002; КРнын Эл мугалими, 2010.

Шаршекеев Өзгөрүш (1935-ж. т., Ак-Суу району, Кереге-Таш айлы) — физик-математик, физика-математика илимдеринин доктору (1984), профессор (1986). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

1959-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1959—60-ж. Бишкек политехника институтунда, 1960— 62-ж. КМУда окутуучу, 1966—90-ж. теориялык физика кафедрасынын улук окутуучусу, доцент, кафедра башчысы (1979-жылдан).
Шаршекеевдин негизги эмгектери салыштырмалуулук теориясы, гравитация жана космологияга арналган. 100дөн ашык илимий эмгек (анын ичинде 3 монография) орто мектептгер үчүн «Физика» жана «Астрономия» окуу китептеринин жана жогорку окуу жайдын студенттери үчүн кыргыз тилиндеги 4 окуу китептин автору.

Доктордук диссертациясынын темасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Метагалактиканын модели, Шварцшильд талаасы жалпы салыштырмалуулук теориясында жана жалпыланган тартылуу талаасында». Эмгекте Римандын тензорун эсепке алып, Эйнштейндин гравитациялык талаа теӊдемесин жалпылоо менен Фридмандын Ааламдык моделин алган. Айрым учурларда физикалык сингулярдуулуктан арылуунун шарттары далилдеген. Шварцшильддин метрикасындагы өзгөчө чекиттин жоголушу далилдеген (Эйнштейиндин теӊдемесин 4-тензору эсепке алуу менен чыгарылганда). Меркурий планетасынын перигелийинин жылышуусу такталган.

Мамлекеттик сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Эмгектеги артыкчылыгы медалы» (1982).
  • «КРнын илимине эмгек сиӊирген кызматкери (1993).
  • «Даӊк» медалы (2001).
  • «КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» (2002).
  • КРнын Эл мугалими (2010).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.