Шатманов, Салибай

Википедия дан

(1932–2007)

Акын Салибай Шатманов Аксы районунун Кызыл-Жар айылында 1932-жылы 25-декабрда туулган. 1953-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун бүтүрүп, Жаңы-Жол районунун айылдарындагы мектептерде директор, 1960-жылга чейин Ак-Суу орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, «Колхоз жолу» аттуу райондук гезиттин редакциясында адабий кызматкер болгон. 1961–1966-жж. КМУнун филология факультетинде окуган. Университетти бүтүрүп, «Мугалимдер газетасында» адабий кызматкер, бөлүм башчы болуп 18 жыл бою эмгектенип, 1986-жылдан «Мектеп» басмасынын жаштар редакциясында редактор, «Адабият» басмасында редактордук кызматта иштеп келген.
Акындын алгачкы ыры 1950-жылы «Болот коргон» деген ат менен Жалал-Абад облустук гезитине басылып чыккан. Биринчи «Гүлдесте» аттуу ырлар жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн.
Ал тарабынан С.Баруздиндин, В.Астафьевдин, К.Ушинскийдин, И.Кожедубдун, А.Дорофьевдин ж.б. чыгармалары кыргыз тилине которулган.
1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин «Билим берүүсүнүн отличниги».
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
2002-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон жана 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Гүлдесте: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас,1961. – 128 б.

Жер ортосу: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 27 б.

Too сүрөттөрү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан 1966. – 56 б.

Гүлбадам: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 35 б.

Сөз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 47 б.

Алтын топурак. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 56 б.

Кызыл ат минген жигит. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 52 б.

Ата мурасы: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 83 б.

Адамдын жарыгы адамга тиет. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 59 б.

Ажарлуу адам. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 49 б.

Дан жана ыр: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 82 б.

Биздин курак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 76 б.

Алаканда от жанат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1979. – 100 б.

Белгим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 160 б.

Мистелүү адырлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 69 б.

Бозбу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 120 б.

Нан жана дүйнө: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1988. – 144 б.

Табийгат жана адам: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 149 б.

От менен суу: Ырлар жана поэма. – Б.: Адабият, 1992. – 302 б.

Күн жана эне: Ырлар, уламыштар жана поэмалар. – Б.: Адабият, 1994. – 351 б.

Айтамга: Ырлар. – Б.: Алтын тамга, 1999. – 96 б.

Менин өмүр баяным: Ырлар жана поэмалар. 1–4-том. – Б.: Бийиктик.

КОТОРМОЛОРУ

Баруздин С. Көчөдө солдат баратат: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 44 б.

Астафьев В. Кузя аба тооктордун кожоюну: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1980. – 56 б. Кожедуб И.Н. Көктөгү кармашуу: Учкуч-истребителдин аңгемеси – Ф.: Мектеп, 1983. – 40 б.

Дорофеев А.Д. Ак таранчы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б.

Ушинский К.Д.Мойнок: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1988. – 14 б.

Ханс Кристиан Андерсен. Оле Лукойе: Жомок. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 27 б.

Цыферов Г. Менин Андерсеним; Дюймовочка; Кандай солдат; Оттук таш; Асыл жер: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1980. – 30 б.