Шахзада бакчасы

Википедия дан

Шахзада бакчасы (фарс. باغ شاهزاده‎) же Шазде бакчасы (фарс. باغ شازده‎)  — Ирандын тарыхый бакчаларынын бири болуп эсептелет. Бул бакча Махан шаарынан 2 километр аралыкта, Керман шаарынын жанында жана Тигран тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан, ал Кажар доорунун акырына таандык. Бул бакча деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктиктен орун алган. Бул тарыхый бакча 1974-жылы 5-ноябрда 1012 номуру менен Иран улутунун тарыхый калдыгы катары катталган жана 2011-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар уюмунун 33-жыйынында Ирандын 8 бакчасы менен бирге катталган.

Бакчанын өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакчанын аянты болжол менен үч жарым гектарга чукул. Эки чыгыш жана батыш комплекси бар. Хан сарайлары жана ичиндеги имараттар абдан кооз, алар эки кабаттан турат. Ана кире бериши архитектуралык кооздугу менен Ирандын башка бакчаларынан айырмаланып турат. Бакчада фонтандар жана суу түтүкчөлөр да бар, алар Иран бакчаларынын ичинен эң коозу болуп саналат. Шахзада бакчасынын фонтандары ар кыл бийикте тепкич сымал жасалгаланган. Керман Шахзада бакчасынын бийиктиги 204 метр жана аянты 1222 метр, ошол себептен Иран тарыхынын эң чоң жана кооз бакчасы болуп саналат. Бакчага жай жана жаз мезгилдеринде көптөгөн адамдар эс алганы келишет. Падыша бакчасынын ыңайлуу жерде салынышынын негизги фактору Кермандын жол боюнда жана эски жибек жолунда болгондугу эсептелинет. Шахзада бакчасынын салынышы толук көрүнүшүнүн бүтүндүгүн камсыз кылат: кирип бараткан учурда, өзгөчө жогорку кабаттан бакчанын сырткы келбетин, төрт бакчаны жана тоо жээктерин толук бойдон көз кырына жайгаштырып, толук көрүнүштү чагылдырат. Мындай жагымдуу көрүнүш суунун шылдыраган агымы, фонтандардын ар биринин үстүртөн көз чаптырылышы, негизги бөлүк менен перпендикулярдуу жайгашкандыгы аныкталат, эбегейсиз, салыштыргыс ички ландшафт көз жоосун алат. Бул бакчада ар түрдүү мөмө жемиш бактары көзгө илинет жана имараттардын алдындагы кооздугу менен өзүнө тарткан көлмөлөр жана фонтандар курулган. Бакчанын суусун кичинекей Тигран дарыячасы камсыз кылат. Масуди тарыхый курулуштун ар кандай аспектеги архитектурасын жана ролун карап чыккан.

Архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бакча Ирандын тарыхый бакчаларынын үлгүсү деп айтсак болот жана жердин беш жарым гектар аянтында курулуп негизги эшиктен кире бергенде эле көз уялтчу касиетке ээ. Бакчанын ички курулуштарында негизги хан сарай башкача айтканда дайымкы жашачу имарат жана башка курулуш бөлмөлөр негизги имарат катары эсептелинет. Алр бакчанын кире беришинде жайгашып эки кабаттуу курулуштан турат. Анын жогорку кабатында жашоочу жана конок күтүүчү бөлмө жайгашкан. Бакчада негизги имараттан башка, падыша имараты жана мончо да каралган. Азыркы учурда падыша имаратынын бөлүгү ресторанга айланган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бакча Мохаммад Хасан хан Сардар Ирваниан Кермандын өкүмзарынын буйругу менен өз заманында курулган жана ички курулуштары андан соң Абдул Хамид Мирза Насир Керманды он бир жыл башкарып турган кезинде курдурган. Ал өлгөн соң куруу иштери токтоп калган. Ооз эки айтымдарда өкүмзардын өлүмү жарыяналаары замат куруучулардын бардыгы ошол замат жумуштарын таштап качып жөнөшкөн, ошондуктан азыркы маалда толук курулбай калган имараттарды же дубалдарды байкоого болот.

Бүткүл дүйнөлүк каттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бакча Ирандын тогуз тарыхый бакчаларынын бири жана 2011-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталып, бакча жөнүндө маалымат ЮНЕСКО тарабынан 35 тилге которулуп ЮНЕСКОнун туристик картасынын тизмесине киргизилген. Бул бакча 2011-жылы 21-июлда ЮНЕСКОнун тизмесине катталган. Бирок, тилекке каршы 2013-жылы кышында ЮНЕСКО официалдуу түрдө аталган бакчаны бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегинен чыгарып салууну эскертүүсүн жиберген анткени ЮНЕСКОдо катталган ар бир маданий, туристтик жана тарыхый имараттар жеке колдонууга өтпөөсү зарылдыгы жана андагы баардык иш аракеттер, оңдоолор ЮНЕСКОнун уруксааты менен жүргүзүлүшү бекемделген жана ЮНЕСКОнун уруксаатысыз аткарылган иш аракеттер мыйзамды бузуу болуп саналган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Туристтик маалыматтар булагы
  • Ирандын тарыхый архитектураларынын жыйналышы. Иран маданий жана туристтик мурастар уюму
  • Масуди, Аббас. Шазде бакчасынын каралышы Керман
  • Зелзеленин Шазде бакчасына болгон таасири
  • “Шахзаде бакчасы Керман, Махан”
  • Шахзаде бакчасынын Дүйнөлүк мурастар тизмегинен чыгуу коркунучу,
  • Иран телеканалы