Шахин
Куу кумпай (лат. Falco pelegrinoides, Temminck, 1829):
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Түндүк Африканын, Алдынкы, Ортонку жана Борбордук Азиянын тоолору. Кыргызстанда Алай менен Тянңшанда кездешет.
Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]
Тоо этектери, аска зоолор менен чополуу жарлар жана тоолордун ортонку алкактары. Ысыккөл менен Сөңкөлдү курчап турган тоолордо уялоо учурунда табылган. Нарын, Кыргыз жана Алай тоо кыркаларында, ошондой эле Талас Алатоосунда табылган.
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Республиканын территориясында болжол менен 10 жуп куш уялайт.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Уяларын талкалоо, мүнүшкөрлөрдүн (мергенчилердин) кармашы, тынчын алуу факторлору. Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Туруктуу жупту түзүү, уясын бир нече жыл катары менен пайдаланат. Февралдын экинчи жарымында уясына 2-5 жумуртка тууйт, аны 33 күндө басып чыгарат. 43 күндөн кийин балапандары уясын таштайт. Абада гана жемин кармап жейт.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Питомниктерде багылып көбөйүшөт.
Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрүн соода-сатык кылуу боюнча эларалык конвенциясынын» 1-тиркемесине киргизилген. Республиканын коруктарында коргоого алынган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Эл арасына жырткыч куштарды коргоо боюнча пропагандалоо же түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Уялоочу жерлерде коруктарды уюштуруу.Уялоочу жерлерин кайтаруу, санынын аз болушун аныктоочу факторлорду аныктап чыгуу.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
III категория, Critically Endangered, CR: R. Жоголуп бара жаткан түр. Кыргызстандын фаунасынын бир уруусунун 10 түрүнүн бири. F.p.babilonicus P.L. Sclat er, 1861 түрчөсү кездешүүдө.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2