Шахматов Алексей Александрович

Википедия дан

Шахматов Алексей Александрович (5. 6. 1864, Нарва - 16. 8. 1920, Петроград) - орус тилчиси, орус жыл баянын изилдөөчү, Петербург ИАнын академиги (1894).

Москва университетин бүтүп (1887), ошол эле университетте приват-доцент (1890). 1910-жылдан Петербург университетинин профессору 1906-1920-жылы ИАнын Орус тил жана адабият бөлүмүнө төрага.

Шахматов - орус адабий тилин тарыхый жактан изилдөөгө негиз салган.

Биринчи жолу салыштырматарыхый метод менен байыркы орустун 11-16-кылымдардагы жыл баянын иликтеп чыгып, анын тексттерин изилдеп, муну менен текстологияны илим катары негизде ген; орус говорлорун, славян акцентологиясын, славян тилдеринин фонетикасы менен грамматикасынын маселелерин, байыркы жана азыркы инди-европа тилдерин, финн, мордва тилдерин изилдөө, орус тилиниy тарыхый морфологиясын иштеп чыккан.

Анын сөздөрдүн грамматикалык формалары, сөз түркүмү, сөз айкаштары, сүйлөм типтери, морфология менен синтаксистин карым-катнашы жөнүндөгү окуусу теориялык тил илимине кошулган маанилүү салым катары бааланат.

Шахматовдун жетекчилиги менен көп жазуу эстеликтерин изилдөө, сөздүктөр түзүү, көп томдуу «Славян филологиясынын энциклопедиясын» даярдоо сыяктуу баалуу жумуштар аткарылган.

Ал ошондой эле «Орус тил сөздүгүн» (1891-1916) редакциялап, «Орус жыл баяндарынын толук жыйнагын» калыбына келтирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9