Шахрани Назиф

Википедия дан

Шахрани Назиф (англисче: Shahrani Nazif) — антропологиянын профессору, Жакынкы Чыгыш, орто Азия боюнча изилдөөлөрдүн профессору, Жакынкы Чыгыш жана Ислам изилдөөлөрү боюнча Программанын директору, Инидиана Университетинин (АКШ, Блунгмингтон, Индиана штаты) Жакынкы Чыгыштын тилдери жана маданияты факултетинин төрагасы (жетекчиси). Назиф Шахрани 1945-ж. Афган Бадахшанында туулган, теги жергиликтүү көчмөн өзбектерден. АКШнын атуулу, үч никеден төрт уулу бар экендиги маалым. Афган кыргыздарынын лидери ажы Рахманкул хандын жакын досу болгон. Кыргыздардын арасында көп ирет болуп алардын антропологиясы (этнографиясы), салттуу маданияты, чарбалык уклады, уруулук курамы жана алардын жайгашуу ареалы, социалдык алакалары, мамилелери боюнча жазган жана аны китептер, илимий макалалар катары чыгарган ири адистердин бири. «Афганистандын кыргыздары жана вахалары» деген фундаменталдуу монографиянын автору. Англис, кыргыз, фарси, пуштун, түрк, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Бакалавр даражасы, Университет Гаваи, Гонолулу, 1970
  • 2. Магистр даражасы, Университет Вашингтон, Сиэтл, 1972
  • 3. Илимдин доктору даражасы,, Университет Вашингтон, Сиэтл, 1976
  • 4. Жакынкы чыгышты изилдёё Борбору, Гарвард Университети (1976-1977)
  • 5. Стэнфордогу Гуманитардык борбор, Стэнфорд Университети (1984-1985)
  • 6. Смитсониан (Smithsonian) Институту (1997-1998)

Эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз хандары. Борбордук Азиядагы традициялуу лидерликтин стили жана маьызы (The Kirghiz Khans: Styles and Substance of Traditional Local Leadership in Central Asia)
  2. Афган Памиринин кыргыз малчылары (Kirghiz Pastoralists of the Afghan Pamirs: An Ecological and Ethnographic Overview)
  3. Афгинстандын кыргыздарынын карылыкка алдыруу процесси.(Growing in Respect: Aging Among the Kirghiz of Afghanistan)
  4. Кыргыз Одиссеясы (The Kirghiz Odyssey)
  5. Афган Памириндеги кыргыздардагы малчылыктын сакталышы. (The Retention of Pastoralism Among the Kirghiz of the Afghan Pamirs)
  6. Кыргыздар (The Kirghiz)