Мазмунга өтүү

Шахрух Кхан

Википедия дан
Шахрух Кан
хинди शाहरुख़ ख़ान
англ. Shahrukh Khan
Туулган датасы:

2 -ноябрь 1965(1965-11-02) (58 жаш)

Туулган жери:

Нью-Дели, Индия

Жарандыгы:

Индия Индия

Кесиби:

актёр, кинопродюсер, сценарист

Карьерасы:

1988 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Адабият жана Көркөм өнөр орденинин офицери (Франция)

IMDb:

ID 0451321

Шахрух Хан (хинди शाहरुख़ ख़ान, урду شاہ رخ خان‎, [ʃaːɦ.ɾʊx.xaːn], англ. Shahrukh Khan; ошондой эле Шах Рукх Кхан) — Индиялык киноактёр, продюсер жана алып баруучу. Актёрдун өз аты Shah Rukh (актердун айтымында бөлөк жазылат) — персид тилинде “хандын багыты” же “хандын жүзү” (Shah — хан же ханзаада, Rukh, Rukhsar — жүз же бет. Rukhтун дагы бир мааниси — багыт, ошол багыт менен баруу деген мааниде) дегенди түшүндүрөт.

Шах Рух Кхан 1965-жылдын 2-ноябрында Нью-Делиде туулга. Тутунган дини – ислам. Эжеси Шехназ, атасы Тадж Мухаммад Кхан, Индиядагы белгилүү адвокат (эркиндик үчүн күрөшүүчү), Нью-Делиге Пешаварадан Индия болуп бөлүнө электе көчүп келишкен. Апасы Фатима өзү Равалпиндиден болот, азыркы Пакистан. Шах Рух Хан Нью-Делидеги мектептердин биринен бүтүргөн. 1988 жылы Дели университетинин колледжинде экономика адистигинде окуган. Андан соң университеттин магистратурасында “Массалык коммуникация” адистигин бүтүргөн. Бирок актёрлук кесипти жактаган. Ата-энесинин өлүмүнөн кийин, 1991-жылы, Мумбайга көчүп келген. Ошол эле жылы 25-октябрда Шах Рукх индус кызы Гаури Чибберге үйлөнөт. Хандын өзүнүн айтымында мусулман боло туруп, жубайынын туткан динин сыйлайт. Экөө 1997-жылы 13- ноябрда Арьян аттуу уулдуу болушат, 2000-жылы 23- майда Суханна аттуу кыздуу болушат.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кхан алгачкы жолу актер катары 1988-жылы телеберүүдөн чыгат. Бир нее телесериалдарда ойногон. Болливуд жайгашкан Мумбайга көчүп келгенден кийин киного тартыла баштайт. Алгачкы ролун 1992- жылы “Акылсыз сүйүү” фильминде аткарган. Бул ролу үчүн индиялык кино тууралуу «Filmfare» журналынын мыкты дебют сыйлыгын алган.
1993- жылы “Коркунучтагы өмүр” жана “Өлүм менен ойноо” деген фильмдерде терс каармандардын ролун аткарат. Өч алуу үчүн өзүнүн дос кызын өлтүргөн каармандын ролун аткаргандыгы үчүн «Filmfare» журналынын мыкты башкы роль сыйлыгынын ээси. Экинчи сыйлыгын 1995-жылы «Уурдалбаган келин” фильминдеги ролу үчүн алган. Бул тасма кинотеатрлардан 12 миллиард рупий чогултуп, индия тасмаларынын эң кирешелүүсү аталган.
Шахрух Кхандын ийгиликтүү ролдору анын Болливуддагы эң суроо-талаптуу актер болушуна лып келет. Жада калса жылына 5-6 тасмага түшүшкө үлгүрөт. 2007- жылы “Алга, Индия” тасмасында чөп үстүндө хоккей оюну боюнча кыздар командасын даярдаган тренердин ролун мыкты жараткан. Боллувуд жылдыздарынын арасында сыйлыктары боюнча Дилип Кумар гана Шахрук Кхандан алдыда. Шахрук дүйнөдөгү белгилүү актерлордун катарында.
Анын жаңы тартылган тасмаларынын бири – “Менин атым Кхан”. Мында Шахрух Аспергер синдромунан жабыркаган мусулмандын ролун жараткан. 2001- жылдын 11-сентябрында АКШда болуп өткөн террористтик кол салуудан кийинки окуялар чагылдырылат.

Жыл Кыргызча аталышы Орусча аталышы Түпнуска аталышы Ролу
1988 Жаңы келген Новобранец (сериал) Fauji Abhimanyu Rai 1
1989 Злоключения Энни (ТВ) In Which Annie Gives It Those Ones Senior
1989 Цирк Цирк (сериал) Circus
1991 Идиот (ТВ) Idiot Pawan Raghujan
1992 Акылсыз сүйүү Безумная любовь Deewana Raja Sahai
1992 Чары колдовские Chamatkar Sunder Srivastava
1992 Танцовщица кабаре Dil Aashna Hai (…The Heart Knows) Karan D. Singh
1992 Мечты джентльмена Raju Ban Gaya Gentleman Raj Mathur 'Raju'
1993 Майа айым Госпожа Майя Maya Lalit
1993 Первое очарование Pehla Nasha … играет самого себя
1993 Өлүм менен ойноо Игра со смертью Baazigar Ajay Sharma/Vicky Malhotra
1993 Коркунучтагы өмүр Жизнь под страхом Darr Rahul Mehra
1992 Влюбленный король (фильм) King Uncle Anil Bansal
1992 Сезон любви Kabhi Haan Kabhi Naa Sunil
1993 Өжөрлүк Каприз Anjaam Vijay Agnihotri
1994 Самоотверженная любовь Guddu Guddu Bahadur
1995 Уурдалбаган келин Не похищенная невеста Dilwale Dulhania Le Jayenge Raj Malhotra
1995 Каран жана Аржун Каран и Арджун Karan Arjun Arjun Singh
1995 Кудай билет Бог знает Ram Jaane Ram Jaane
1995 Время сумасшедших влюбленных Zamaana Deewana Rahul Singh
1995 Кымбатым, бул Индия Дорогая, это Индия Oh Darling Yeh Hai India Hero
1995 Үч бир тууган Три брата Trimurti Romi Singh/Bholey
1996 Страстная любовь Chaahat Roop Singh Rathod
1996 Сүйүү жана жек көрүү Любовь и ненависть Dushman Duniya Ka Badru
1996 Индийский наследник английской семьи English Babu Desi Mem Vikram/Hari/Gopal Mayur
1996 Мстительница Army Arjun
1997 Сөзсүз сүйүү Любовь без слов Koyla Shanker
1997 Как боссу утерли нос Yes Boss Rahul
1997 Сумасшедшее сердце Dil To Pagal Ha Rahul
1997 Алданган үмүттөр Обманутые надежды Pardes Arjun Saagar
1997 Gudgudee Special Appearance
1998 Двойник Duplicate Bablu Chaudhary/Manu Dada
1998 Неожиданность Achanak … өзүн ойнойт
1998 Бир көрүп сүйүп калуу Любовь с первого взгляда Dil Se… Amarkanth Varma
1998 Турмушта баары болот Всё в жизни бывает Kuch Kuch Hota Hai Rahul Khanna
1999 Бадшах Бадшах Baadshah Raj 'Baadshah'
2000 Трепетные сердца Phir Bhi Dil Hai Hindustani Ajay Bakshi
2000 Дыхание времени Hey Ram Amjad Ali Khan
2000 Каждое любящее сердце Har Dil Jo Pyar Karega… Rahul
2000 Сүйүшкөндөр Влюблённые (фильм) Mohabbatein Raj Aryan Malhotra
2000 Аял сыры Тайна женщины Gaja Gamini Shahrukh
2000 Азарт Любви Josh Макс
2001 Опекун One 2 Ka 4 Arun Verma
2001 Ашока Asoka Asoka
2001 И в печали, и в радости Kabhi Khushi Kabhie Gham… Rahul Raichand
2002 Девдас Девдас Devdas Devdas Mukherji
2002 Жалгызым Единственная Hum Tumhare Hain Sanam Gopal
2002 Сабрина Болливудда Сабрина в Болливуде Sabrina’s Bollywood … өзүн ойнойт
2002 Вернуть сына Shakthi: The Power Jaisingh
2002 Сүйүү анатомиясы Анатомия любви Saathiya Yeshwant Rao
2003 Өмүрдөн да кымбат Больше, чем жизнь Larger Than Life … өзүн ойнойт
2003 Сүйүү жолунда Дорогами любви Chalte Chalte Raj Mathur
2003 Эртеңки күн болор бекен Наступит завтра или нет Kal Ho Naa Ho Aman Mathur
2004 Цена измены Yeh Lamhe Judaai Ke Dushant
2004 Внутренний/Внешний мир Шахрух Хана The Inner/The Outer World Of Shah Rukh Khan… өзүн ойнойт
2004 Мен сени менен Я рядом с тобой! Main Hoon Na Maj. Ram Prasad Sharma
2004 Вир жана Зара Вир и Зара Veer-Zaara Veer Pratap Singh
2004 Мекенге кайтуу Возвращение на родину Swades: We, the People Mohan Bhargav
2005 Глаз Тигра Kaal Special Appearance
2005 Аэропорттогу жолугушуу Встреча в аэропорту Kuchh Meetha Ho Jaye … өзүн ойнойт
2005 Искусство любить Silsiilay Sutradhar
2005 Сүйүү табышмагы Загадка любви Paheli Kishanlal / Ghost
2006 Чоочун Чужой Alag: He Is Different…. He Is Alone… Special Appearance
2006 Никогда не говори «прощай» Kabhi Alvida Naa Kehna Dev Saran
2006 Дон. Мафия башчысы Дон. Главарь мафии Don Don / Vijay
2006 Мен сени көрүп турам Я вижу тебя I See You Street Guitarist
2007 Алга,Индия Вперед, Индия! Chak De! India Kabir Khan
2007 Привет, малышка! Heyy Babyy Raj Malhotra
2007 Ом Шанти Ом Ом Шанти Ом Om Shanti Om Om Prakash Makhija / Om Kapoo
2008 Эрктик Мужество Shaurya үн кошкон
2008 Призрак виллы Натхов Bhoothnath Aditya Sharma
2008 Четверка сумасшедших Krazzy 4 өзүн ойнойт
2008 Ийгилик тумары Талисман удачи Kismat Konnection үн кошкон
2008 Бул жупту кудай жараткан Эту пару создал бог Rab Ne Bana Di Jodi Surinder 'Suri' Sahni/ Raj
2009 Биллу Биллу Billu Sahir Khan
2009 Шанс на удачу Luck by Chance … өзүн ойнойт
2010 Күйөө бала изделет Разыскивается жених Dulha Mil Gaya Pawan Raj Gandhi(PRG)(Guest Appearance)
2010 Koochie Koochie Hota Hai Rocky, үн кошкон
2010 Менин атым Кхан Меня зовут Кхан My name is Khan Rizwan khan
2011 РА. Первый (Случайный доступ. Версия один RA. One G. One
2011 Дон.Мафия башчысы 2 Дон. Главарь мафии 2 Don 2 Don
2012 Азырынча мен.тирүү Jab Tak Hai Jaan Самар Ананд
2013 Ченнай экспресси Chennai Express Рахул Митайвала
2014 Натханын кайтып келген арбагы Bhoothnath Returns Адитья Шарма (эпизод)
2015 Жаңы жылың менен! Happy New Year Чарли / Чандра Мохан Шарма
2015 Сүйүшкөндөр Dilwale Раж Бакши / Кали
2016 Фанат Fan Арьян Хан жана Гаурав Чандра
2016 Ae dil hai mushkil сүрөтчү Тахир
2016 Өмүр кымбат Dear Zindagi Жехангир Хан
2017 Райес Raees Райес