Шахсей-вахсей

Википедия дан

Шахсей-вахсей (шах Хусейн, вах Хусейн дегенден) - шииттердин (к. Шиизм) Хусейн имамды эскерип, аза күтүү каадасы.

Бул катышуучулардын өзүн-өзү сабашы, кылыч, канжар менен өзүн кескилеши менен коштолот. Шахсей-вахсейди 16-кылымдан шииттер расмий белгилешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4