Шахтадагы өрткө каршы профилактика

Википедия дан

Шахтадагы өрткө каршы профилактика - өрттүн алдын алуу, өрттүн чыгышын кабарлоо жана өрттү өчүрүүгө зарыл шарттарды түзүүнү камтыган иш-чаралардын жыйындысы.

Анын негизги максаты адамдардын коопсуздугун, кенди, материалдар менен жабдууларды ж. б. сактоону камсыздоо болуп саналат. Вардык жумушчулар өрт коопсуздугунун эрежелери жана эвакуациялык чыгуу жолдору менен тааныштырылып, күйүү же жарылуудан бөлүнүп чыккан газдан уулануудан сактоочу каражаттар менен камсыздалышы керек.

Жер астындагы өрттү өчүрүүнүн 3 ыкмасы бар:

  • 1)активдүү өчүрүү өрт өчүрүүчү каражаттарды (суу, көбүк, инерттүү газдар жана материалдар) пайдалануу менен ишке ашырылат;
  • 2) пассивдүү өчүрүүдө өрт болуп жаткан участкага абанын келиши токтотулат (аба кирип жаткан тоо-кен казмасынын оозу, жаракалар, оюктар ж. б. бүтөлөт);
  • 3)айкалыштырылган ыкмада өрт учаcткасына аба киргизилбей бекитилип, андан кийин активдүү ыкма менен өчүрүлөт. Бул ыкма өрт чоң аянтты камтыса же өрт башталган учурда өчүрүү каражаттары жок болуп калса пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4