Шахтадан суу чыгаруу

Википедия дан

Шахтадан суу чыгаруу — тоо-кен казмаларынан карьер жана шахта-рудник сууларын сордуруп, сыртка төгүү.

Ал башкы (жалпы шахтадан чогулган сууну чыгаруу) жана участкалык (айрым участкадагы сууну сордуруп, жалпы шахталык суу чогулткучка куюу, кээде жер бетине түз төгүү) болуп бөлүнөт. Борборлоштурулган (бир нече шахтадан чогулган сууну) жана региондук (бүт райондукун) суу чыгаруу жалпыга таандык орнотмо аркылуу жүргүзүлүп, сейрек колдонулат. Суу сордуруу схемасы боюнча: түз (суу чогулткучтан жер бетине түз чыгаруучу) жана баскычтуу (төмөнкү горизонттон жогоркусундагы суу чогулткучка чыгарылып отуруп, анан жер бетине төгүлөт). Шахтадан суу чыгаруу системасына: шахта ичиндеги агымды жөнгө салуучу каражаттар (арык, түтүк, суу сордургуч), суу чогулткучтар жана суу чогулткучтагы суунун деңгээлине жараша автоматтык түрдө суу сордуруп, сыртка чыгаруучу орнотмолуу станция кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]