Шахталык газ талдагыч

Википедия дан

Шахталык газ талдагыч, шахталык газ анализатору - тоо-кен казмасынын кооптуу чаңдуу жана газдуу атмосферасындагы метандын (СН4) көлөмдүк үлүшүн автоматтык түрдө үзгүлтүксүз текшерип туруучу прибор.

Көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу, жеңил жана чакан бул прибордун артыкчылыгы: 14 саатка чейин маалыматты сактоо мүмкүнчүлүгү; белгиленген чектен метандын үлүшү көбөйүп кетсе, ошондой эле аккумлятору отура баштаса оптикалык жана акустикалык сигнал бериши; топтогон маалыматка баа берүү жана талдоо үчүн компьютерге туташтырууга ылайыкташтырылганы; шахтадагы (рудниктеги) жарылууга чыдамдуулугу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4