Шахтанын газдуулугу

Википедия дан

Шахтанын газдуулугу - жер астындагы тоо-кен казмасында бөлүнүп чыккан газдын саны.

Аны эсептөөнүн түрлөрү:

1) шахтанын абсолюттук газдуулугу - убакыт бирдиги ичинде бөлүнүп чыккан газдын саны (лР/мин, мл/сут);

2) шахтанын салыштырма газдуулугу - белгилүү бир убакыт бирдиги ичинде бөлүнүп чыккан газдын санынын ошол эле убакта казылып алынган кендин санына болгон катышы (м3/т, м3/м3) деп бөлүнөт.

Тоо-кен казмасына газ казылып жаткан кендүү ж. б. катмарлардан, казылып алынган кенден, казманын капталын түзгөн тоо тектерден, урап түшкөн тектерден бөлүнүп чыгат. Көмүр шахталарында метан жана көмүр кычкыл газы көп бөлүнүп чыккандыктан, алардын газдуулугу дегенде көмүр кычкыл газдуулугу же метандуулугу деп түшүнөбүз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4