Шахтанын кубаттуулугу

Википедия дан

Шахтанын кубаттуулугу - убакыт бирдиги ичинде белгилүү бир сапаттагы көмүрдү мүмкүнчүлүктүн жетишинче максималдуу казып алуу.

Убакыт бирдиги катары жыл же сутка алынып, ага жараша шахтанын жылдык же суткалык кубаттуулугу каралат. Шахтанын кубаттуулугу өндүрүш шартынан, тоо-кен ишканасынын абалынан, жабдууларды жана эмгек ресурстарын сарамжалдуу пайдалануудан, өндүрүштүн уюшулуусунун жана технологиясынын эффективдүүлүгүнөн, коопсуздук эрежелеринин сакталышынан, техникалык эксплуатациядан, ошондой эле экологиялык талаптардан көз каранды келет. Шахтанын кубаттуулугу өндүрүштүк жана долбоорлук деп бөлүнөт. Шахтанын кубаттуулугун оптималдаштыруу – эмгек өндүрүмдүүлүгүн максималдуу пайдалануу менен чыгымды минималдаштырып 1 т кенди казып алуу. Шахта талаасынын өнөр жайлык запасын (Z) жана шахтанын жылдык кубаттуулугун (А) билүү менен шахтанын иштөө мөөнөтү T=Z/A формуласы менен эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4