Шахтаны шамалдатуу

Википедия дан

Шахтаны шамалдатуу - жер астындагы тоо-кен казмасында тоо-кен иштерин жүргүзүүгө зарыл атмосферага шартын түзүүгө арналган иш-чаралардын системасы.

Рудник атмосферарасында уулуу же зыяндуу газдын топтолушунан, температуранын кескин жогору көтөрүлүшүнөн же төмөн түшүшүнөн сактайт. Ал шахтанын бетине орнотулган үзгүлтүксүз иштөөчү желдеткич жана шахтага түшкөн таза атмосферага абасы менен ишке ашырылат. Алгачкы Шахтаны шамалдатуу иштери б. з. ч. I кылымда жүргүзүлгөнү белгилүү (мис., Рио-Тинто рудниги, Испания). Шахтаны шамалдатуу схемасы борбордук, флангалык жана айкалышкан (борбордук-флангалык) болуп айырмаланат да, шахтага берилген аба жана желдеткичтин депрессиясынын (тартылуу күчү) чоңдугу менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4