Шахта меши

Википедия дан

Шахта меши - кесек материалдарды эритүүгө жана бышырууга арналып, тынымсыз иштөөчү өнөр жай меши.

Тик өйдө созулган зат ысытуучу көндөйүнүн туурасынан кесилиши тегерек, эллипс же тик бурчтуу формада болот. Иштетилүүчү материал (шихта) үстүнөн салынат, ал эми даяр продукт төмөн жагынан чыгарылат; күйүүнүн калдык газы тетирисинче көтөрүлүп, мештин боорунун жогору жагындагы атайын түтүктөрдөн сыртка чыгат. Негизинен кенташтан металл алууда (мис., домна меши), металлды эритүүдө (вагранка), отко чыдамдуу материалды бышырууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4