Шахты үңкүрү

Википедия дан

Шахты үңкүрү ― В.А.Ранов тарабынан 1958-жылы ачылган Чыгыш Памирдеги Шахты өрөөнүндөгү монохромдук живопистин эң маанилүү ачылыштарынын бири.

Деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктикте орун алган. Бул үңкүрдө тартылган аска сүрөттөрү мезолит жана неолит доорундагы адамдардын искусствосун чагылдырат. Сүрөттөр оюп тартуу жолу менен эмес, табигый боёк менен тартылган. Сүрөттөрдүн арасынан 23 см болгон колуна бир нерсе кармаган, страустун кейпин кийген мергенчи жана бири-бирине карама-каршы келген каман, жапай топоз элеси бар. Ар кандай тариздеги карама-каршы келген жебелерди да көрүугө болот. Жаныбар сүрөттөрүнүн арасында аңчылыкка түздөн-түз катышкан мергенчинин элестери берилген эмес. Археологиялык изилдөө учурунда бир нече оттук таш куралдары табылган. Адам сөөгүнүн калдыктары кездешпейт. Мындан окумуштуулар бул жерде адам жашабагандыгын, мергенчилер үчүн убактылуу баш калкалоочу жай болгондугун белгилешет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В.А.Ранов "Рисунки каменного века в гроте шахты"

В.А.Ранов, А.В.Гурский "Краткий обзор накальных рисунков горно-Бадахшанской автономной области Таджикиской ССР"