Чыгыш Памир

Википедия дан

Чыгыш Памир - Памир тоолуу өлкөсүнүн чыгыш бөлүгү.

Орто бийик тоо тибиндеги байыркы рельеф басымдуу (Сары-Кол, Муз-Кол, Түндүк Аличур ж. б. кырка тоолору). Эң бийик жери - 6233 м. Абс. бийиктиги 4000-6000 м: салыштырмалуу бийиктиги 1000-1500 жден ашпайт. Тоолору жазы келип, алар бөлүп жаткан өрөөндөр менен туюк ойдуңдар (бийиктиги 3700-4200 ж) кенен, таманы жайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4