Швейцарлар

Википедия дан

Швейцарлар - эл, Швейцариянын (Швейцария конфедерациясы) негизги калкы. Ошондой эле Францияда (177 миң), Аргентинада (115 миң), Чилиде (90 миң), Германияда (75 миң), АКШда (74 миң), Уругвайда (50 мин), Италияда (48 миң), Канадада (38 миң), Улуу Британияда (28 миң) да жашашат.

Жалпы саны 6 695 миң киши, а. и. Швейцарияда 6 млн (2012). Немис, француз, италян жана романш тилдеринде сүйлөшөт. Дини боюнча католиктер, кальвинистер. Швейцариянын азыркы аймагын байыртадан гельветтер жана реттер (кельт уруулары) мекендеген. Алар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр биздин замандын башына таандык. Швейцариянын калкы 14-15-кылымдарда калылтанган. Швейцарлар негизинен өнүккөн өнөр жайлар жана туризм индустриясы менен алектенишет. Салттуу кийимдери - ар бир кантондо ар башка. Жалпысынан эркектери ак көйнөк, тизеден ылдый ыштан, желет, күрмө, тегерек жакалуу, ийнинен тодчулама блуза кийишет. Аялдары юбка, кофта, башына чий калпак кийип, алжалкыч тагынат. Майрамдык кийимдери баркыт менен жибектен тигилип, сайма жана кооздуктар менен көркөмдөлөт. Тамак-ашы негизинен ун, сүт жана жүгөрү азыктарынан даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4