Шеварнадзе Эдуарт Амвросиевич

Википедия дан

Шеварнадзе Эдуарт Амвросиевич (25. 1. 1928, Грузин ССРи, Ланчхут району, Мамати айылы - 7. 7. 2014, Тбилиси) - Грузиянын советтик, мамлекеттик жана саясий ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981), Грузия президенти (19952003). Грузия КП БКга караштуу партиялык мектепти (1951), А. Цулукидзе атындагы Кутаиси педагогика институтун (1959) бүтүргөн.

Комсомолдун Орджоникидзе райкомунда инструктор, бөлүм башчы (1946-49), Грузия ЛКЖС БКнын инструктору (195152), комсомолдун Кутаиси обкомунун секретары, 2-, 1-секретары (1952-56), Грузия ЛКЖС БКнын 2-, 1-секретары (1956-61), партиянын Мцхет (1961-63), 1-Май (1963-64) райкомдорунун 1-секретары, коомдук тартипти сактоо министринин 1-орун басары, министри (1964-68), ички иштер министри (1968-72), партиянын Тбилиси шааркомунун 1-секретары (1972), Грузия КП БКнын 1-секретары (1972-85), СССР тышкы иштер министри (1985-90), СССР тышкы байланыштар министри (1991-ж. 19ноябрдан 26-декабрга чейин), Грузия мамлекеттик Советинин төрагасы (1992), Грузия Парламентинин төрагасы, Грузия башчысы (1992-95) болуп иштеген. КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү (1985-90), M. С. Горбачёвдун жакын соратниги болгон. 5 Ленин, Октябрь Революциясы, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, Ярослав Мудрый I ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4