Шейшеканов, Турдубек Бейшенакунович

Википедия дан

Турдубек Бейшенакунович Шейшеканов (08.05.1952) – кыргыздын заманбап тарыхчы жана агартуучусу. Ал 1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхын архивдик маалыматтарга негизденип терең жана калыс изилдеп жаткан заманбап окумуштуу катары таанымал.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турдубек Бейшенакунович Шейшеканов 1952-жылы 8-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Улахол (азыркы Шор-Булак) айылында туулган.

Ал орто мектепти Тоң районундагы Карл Маркс атындагы мектепте 1969-жылы аяктаган.

Турдубек Бейшенакунович Шейшеканов 1970-72 жж. Советтик армияда аскердик кызматын өтөп келип, 1973–ж. КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетине окууга өткөн.

Аталган факультетти ал 1978–ж. артыкчылык диплому менен аяктаган.

1978–ж. баштап ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун тарых кафедрасында окутуучу болуп иштей баштаган.

1981–ж. баштап ал 1984–ж. чейин КМУда окутуучу, методист (усулчу) болуп иштеген.

1984–ж. ал Орусиядагы Москва Мамлекеттик университетине бир жылдык стажировкага жөнөтүлгөн.

1985-1995–жж. ал Кыргыз Медициналык институтунда (азыркы Кыргыз медициналык академиясында) ага окутуучу болуп иштеген.

1995–2000–жж. ал кайрадан Кыргыз армиясынын катарына чакырылып, Кыргыз Улуттук Аскер лицейинде аскердик кызмат өтөгөн.

2001–ж. баштап ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Чөлкөм таануу” бөлүмүнүн башчысы, “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын доценти болуп иштеген.

2004–ж. ал кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон, тарых илимдеринин кандидаты даражасын алган.

2009–2010-жж. ал КУУнун “Изилденип жаткан чөлкөмдүн тарыхы жана маданияты” кафедрасынын башчысы жана профессордун милдетин аткаруучу болуп иштеди.

2010-ж. ал КР ЖАКтан доцент наамын алган.

2010-2016 ж.ж.ал КУУнун “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын» башчысы, профессордун милдетин аткаруучу болуп иштеди.

2016-2021-жж. ал КУУнун «Жалпы тарых» кафедрасынын доценти болуп иштеди.

2021-ж. баштап ал КУУнун «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасынын доценти болуп иштеп келет.


Илимий жана агартуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004–ж. ал 1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхынын Ысык-Көл аймагына байланыштуу айрым өңүттөрүнө арналган кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон жана тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Илимий жетекчиси - тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков.

2007–ж. КУУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан анын 1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхына арналган докторлук диссертациясынын темасы бекитилген. Азыркы мезгилде ал диссертациясы боюнча тарыхый булактардын үстүндө иш алып барууда.

Иштеген мезгилинде өзүн жакшы жактарынан көрсөтө алды, илимий жана педагогикалык ишинде көптөгөн жетишкендиктерге жетишти. Азыркы мезгилде 1 монографиянын, 30 га жакын макалалардын, усулдук колдонмолордун автору болуп эсептелет.

Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович иштеген жылдары көптөгөн эл аралык, республикалык деңгээлдеги илимий практикалык конференцияларга, илимий методикалык семинарларга активдүү катышып келет.

Тарых илимин пропагандалоо боюнча басма сөз беттеринде, радио жана телевиденияда да иш алып барууда.

1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхын изилдөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Шейшеканов 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхынын буга чейин белгисиз кала берген айрым барактарын архивдик жаңы булактарга таянып тактап берди.

Маселен, анын жазышынча, Батыркан Раимбеков жана Батыркан Ногоев Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштүн жүрүшүндө хан даражасына көтөрүлүшкөн. [1]

Т.Шейшеканов 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү азаттык көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири - Сагаалы (Ысакаалы) Алматаевдин ата-бабалары жана көтөрүлүш очогунун жетекчилеринин бири катары ишмердиги, оторчулар тарабынан мерт кылынгандыгы жөнүндө айрыкча иликтеди. [1]https://www.azattyk.org/a/urkun_kyrgyz_chine_family_history/27708761.html Шейшеканов Т. Сагалы Алматаев көтөрүлүш башында тургандардын бири. 12.5.2016.

Педагогдук ишмердиги жана кесипкөйлүк сапаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович өз ишинде педагогикалык кесипке болгон жогорку жөндөмдүүлүгүн, принципиалдуулугун, ишти уюштура билгендигин көрсөтө алды.

Тарых жана чөлкөм таануу бөлүмүнүн студенттерине: “Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы”, “Историография” ("Тарыхнаама"), “КМШ өлкөлөрүнүн тарыхы”, “Кесипке кириштүү”, “Протоколдук кызмат”, “Дипломатиялык жана консулдук кызмат” ж.б. сабактарды өтүп келүүдө. Аталган сабактарды мамлекеттик (кыргызча) жана расмий (орусча) тилдерде жүргүзөт.

Доцент Турдубек Бейшенакунович Шейшеканов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана андагы Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин коомдук, илимий, методикалык, тарбиялык иштерине жигердүү катышып келет.

Шейшеканов Турдубек Бейшенакунович өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ишке болгон жоопкерчилиги менен коллегаларынын жана студенттердин арасында кадыр баркка ээ. Жаш мугалимдерге жакшы насаатчы. Сабак өтүүдө ар кандай жогорку денгээлдеги усулдук ыкмаларды колдонот. Студенттерге талап коюу менен бирге, алардын предметке болгон кызыгуусун арттырат. Студенттердин курстук жана дипломдук иштерине жакшы жетекчилик кылат. Студенттерди тарбиялоодо талыкпай эмгек өтөөдө.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1975-жылы Турдубек Шейшеканов кесиби - тарых мугалими болгон Гүлжамал Исамидин кызы Чоңмуруновага үйлөнгөн. Жубайы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кегети айылынан болот.

Жети баланын атасы (беш эркек, эки кыз).
Неберелери бар.


Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шейшеканов Т.Монография. Көлдөгү көтөрүлүш. - Бишкек: АРХИ Инновациялык борбору, 2003. - 96 б. - ISBN 9967-21-818-5.
  • Шейшеканов Т. Монография түрк тилинде. Goldeki isyan 1916.mezalimilve karsi coyludirenis haraketi. Istanbul. Otuken. 2013. 230 б. ISBN 978-975-437-978-5.
  • Шейшеканов Т. Монография.1916-жыл: Ысык-Көлдөгү Азаттык көтөрүлүшү. // Илимий эмгектер. Монографиялар. Эскерүүлөр. 1-китеп. Б: «Кут -Бер»,2016.150 б. ISBN 978-9967-469-25-9.
  • Шейшеканов Т. Монография. 1916-жыл: Кыргызстандагы Азаттык көтөрүлүшү. // Кыргызы -20 томник.19 том. Источники: архивные, документальные материалы и литературные издания.- Б: «Бийиктик»,2019.130 б. ISBN 978-9967-13-792.
  • Шейшеканов Т.1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшү. // Кыргызстандын тарыхы. Академиялык 3 томдук чыгарылыш. 3- том. Б: «Кут- Бер»,2016. 56 б. ISBN 978-9967-12-621-3.
  • Шейшеканов Т.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.2004.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы (отличниги). 2006.
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эмгек синирген изилдөөчүсү. 2014.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Шейшеканов Т. Көлдөгү көтөрүлүш. Бишкек, 2003. - 36,52-бб.