Шергазы Мамбетов

Википедия дан
Мамбетов Шергазы

Мамбетов Шергазы (1936-ж. т.,Жети-Өгүз району, Даркан айылы) — тоо инженери, техника илимдеринин доктору (1984), профессор (1986).

1965-жылдан Кыргызстан ИАнын «Тоо кендеринин физикасы жана механикасы институтунда кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп иштеген.

1976-жылдан Бишкек политехника институтун тоо-геология факультетинде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан.

1984-жылдан ошол эле институтта проректор (кечки-сырттан окуу бөлүмүнүн), 1989—92-ж. ректор.

1992— 93-ж. Кыргыз тоо-металлургия институтунда кендерди иштетүү кафедрасынын башчысы.

1993—95-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин илим жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын, 1995-жылдан Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы минералдык сырьёлорду комплекстүү колдонуу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.

Ал геодинамикалык чыңалуу талааларынын жайгашуу закон ченемин аныктаган ана башка 120дай илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору.

Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1975), Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын академиги (1992).

1990—95-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.