Мазмунга өтүү

Шеркулов Шекербек

Википедия дан
Шекербек Шеркулов

Шекербек Шеркул уулу, Шеркулов (1902-1980) – Кыргызстандагы 20-кылымдагы көрүнүктүү өнөрпоз, төкмө акын, ырчы, комузчу ишмерлердин бири.

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таланттуу комузчу, жазуучу жана ырчы Ш.Шеркулов 1902-жылы июль айында Талас өрөөнүндө Талас районуна караштуу Талас-Арык айылында азыркы Көк-Токой айылынын (мурдагы Ленин атындагы колхозунун) аймагында дыйкандын, комузчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал он жашынан колуна комуз алып, он жети жашынан өзү жашаган айылга комузчу, ырчы катары таанылган. Ал мезгилде атасынын «Үч муунак», «Сен, сен дүйнө, сен дүйнө», Тойкожонун «Торгой сайрап таң атты», «Калча баатыр найза сал» күүлөрүн жана «Ак Зыйнат», «Май чач» деген ырларды, казак элинин «Кыз Жибек» чыгармасын аткарган.

Ал Т.Сатылганов менен 1926-жылы, кийин 1927–1928-жж. жолугушуп, анын ырларын, күүлөрүн өзүнүн аткаруусунда уккан жана «Миң кыял», «Чоң кербез», «Бала кербез», «Сары барпы», «Төрөнүн кызы келгенде», «Солдат күү», «Жетим кыздын арманы», «Тогуз кайрык» деген күүлөрү менен «Күлүйпа, Күлжар эки ашык», «Терме», «Туулган жерим», «Балалык» аттуу ж.б. ырларын, Ниязаалынын «Анжиян калкы – исламдын журту», «Өттү-кетти балалык», «Өткөн ишке не пайда», «Арсар күү», «Короо күзөтүү» деген күүлөрүн үйрөнгөн.

Кыргызда «эмне берсең ошону аласың», - дегендей Шекербек Шеркуловдун атасынын таланттуу комузчу болушу, Шекербектин комузчу болушуна эң алгачкы түрткүлөрдөн болгон. Ал шыктуу, зээндүү бала болног. 16 жашынан тартып, атасы Шеркулдан комуз үйрөнө баштайт, комуздун коштоосунда, ашыктык ырлырын ырдап, ырчылык өнөрүн өркүндөтөт. Алгачкы жолу «Май чач», «Ак Чабак», «Ак Зыйнат», «Күңөтай», «Ойтобо» аттуу элдик ырларды ырдап, «Кыз Жибек» дастанын жатка көркөмдөп ырдап, көпчүлүк угуучулардын урматтосуна ээ ьолгон.

Ш.Шеркулов көп убакыт өтпөй, айыл-апага «ырчы бала» деп тааныла баштайт. «Балага ата сынчы»дегендей, уулунун өнөр дүйнөсүнө шыктуулугун түшүнгөн ата баласы Шекербекке комузун тапшырып, - Комуздан бактың ачылсын деп, - батасын берип, бала күндөн жан шериги болгон комузун уулуна тапшырат.

1926-жыл, жайдын толук кези, Беш-Таштын оозундагы кичи Жергетал жайлоосу, катарлаш тигилген ак боз үйлөр.

Бул боз үйлөрдүн биринде белгилүү акын, комузчу Токтогул Сатылгановдун курбу Досу, айылдык кадырлуу, кайрымдуу адамы Жунушаалынын үйү болгон. Жайлоододогулар ар күнү өткөн кеткендерден кеп кылышып, кыялдарды терметкен күүлөрдү угуп, жашаган заманына ыраазычылыктарын билдирип, түбөлүгүн суранышкан.

Ошол жайлоогерчилик күндөрүндө биз айтып өткөн Жунушаалынын үйүнө Токтогул Сатылганов келмек.Ал аңгыча Токтогул ырчы келе жатат деп калышты.

Т.Сатылганов конок үйгө кирип, комузун жүккө сүйөп, кымыздан ичип бираз дем алгандан кийин, Шекербек Шеркулов төмөндөгүчө кеп сөзүн баштайт.

– Токтогул деп атыңызды укчумун, бирок көрө элек болчумун баргым келчи, - деп айтат.

Аңгыча айылдын бүт кары- жашы, кыз-келини дебей, Токтогулдун өңүн көрүп,өнөрүн угууга чогулушуп калышат. Жунушаалынын Током жол жүрүп келди бираз эс алып алсын деген суранычына чогулган эл үйлөрүнө тарайт. Үйдө олтургандардын бары сыртка чыгып кеткенде жанатан колго суу куюп кызмат кылып жүргөн Шекербек үйдө жалгыз калгандыктан, Токтогулдун комузун колго алып, өзүнүн атасы Шеркулдун «Үч муунак» аттуу күүсүн чертет. Комузунун үнүн уккан Токтогул Сатылганов ким чертип жатат деп үйгө эртерээк кирет. Шекербек бир чети коркуп, бир эсе уялып, бир эсе шашкалактап комузду ордуна койо койот.

Токтогул Шекербектин ким экенин, кимдин баласы экендигин сурап таанышуудан кийин:

– Шекербек балам, комузга берилип жүргөн кезиң өңдөнөт, уялба балам, кана билген күүңөн чертип, билген ырыңан ырдапа көрчү, - деген экен.

Анан Шекербек таятам эптеп уялып, жараса жарайт, жарабаса жарабайт - деп «Майчач» деген ырын ырдаган.

Талантын элге арнаган гана инсандар экинчи өмүрү аркылуу эли менен дайыма бирге жашап келет.

Ш.Шеркулов ошондой инсандардын катарына кирет.

1930-жылдын октябрь айына чейин «Талас-Арык» колхозунда тракторист, бригадир, механик болуп иштеп, 1930-жылы эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышкан.

1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына артист болуп кабыл алынган. 1943–1944-жж. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Украина, Белорусия Республикаларынын шаарларында жоокерлердин арасында бригада менен концерт берүүлөргө катышкан.

Ш.Шеркулов 30 жылга жакын кыргыз филармониясында эмгектенген.

Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп жүргөндө оркестрдин коштоосунда А.Огомбаевдин «Эсимде», А.Малдыбаевдин «Өмүр», «Кызыл атчандар» аттуу ырларын, К.Орозов, М.Күрөңкеев, Т.Сатылганов ж.б. комуз күүлөрүн жекече аткарып, оркестрде да ойногон.


«Жүрөк толкуйт», «Тынчтык күүсү», «Эрке кыз», «Кыл чоймо ботой» өңдүү ж.б. күүлөрү жана «Мичуринге», «Пахтачы келин», «Гүлдөсүн кыштак бак менен», «Арзыкан» деген обондуу ырлары бар.

Анын эки ырлар жыйнагы китеп болуп жарык көргөн.

Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн эки декадасына, 1958-жылкы Брюсселде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышкан.

1944-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам берилген.

Ал Украина жана Белорус согуш округдарынын жана бөлүктөрүнүн Ардак грамоталары менен, 1951-жылы «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы, 1958-жылы «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Ал 1962-жылы эс алууга чыккандан кийин бир топ жыл Республикалык эл чыгармачылык үйүнүн, Кыргыз ССР илимдер академиясынын комузчулар ансамблдерине жетекчилик кылып, Талас шаарындагы жаш таланттарга комуз чертүү өнөрүн үйрөткөн.

1980-жылы Бишкекте дүйнөдөн кайткан.

«Шекербектин өтүнүчү»

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Мен болсом билимим жок адаммын, бирок адабият, поэзия, жагын абдан сүйөм, себеби мен акын Токтогул Сатылганов жана Борошов Ниязаалыдан үлгү алгам, комузду Атай Огомбаевдан, Карамолдо Орозовдон, Ыбрай Тумановдон таалим алгам.

«Ар кайсы күлүк алынча» дегендей, адам баласынла арбир уста, ар бир окумуштуу, билимдүү адамдар, ар бир жазуучунун да жөнү ар башкача болот эмеспи. Ар бир талант өз ишине шыктуу. М., Мидин менен Райкан сатирага жакшы, Касымаалы Жантөшев кара сөзгө чебер.

Мен 70 жашка келдим, адамды адам барктайт, даңктайт зоболосун көтөрөт эмеспи. Ошон үчүн Ала-Тоолук кыргызымдын жаштарынан өтүнөмүн, суранамын, булл Шекербек Шеркуловдун чыгармасы экен деп окуп, кемчилигин кечирип коюңуздар!"


Сыйлыктары. Наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ш.Шеркуловдун кылган кызматы үчүн мамлекет тарабыгае берилген көптө гөн сыйлыктары бар:

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы ишмердиги үчүн «Эмгектеги артыкчылык» медалы,

1958–жылы Москвада өткөн кыргыз көркөмөнөрү менен адабиятынын декадасында «Ардак белгиси» ордени,

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы.

Анын атында Талас шаарында бир көчө, өз кыштагы Көк-Токой айылында орто мектеп бар.


Аткарылып жүргөн чыгармалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Гүлдөсүн кыштак бак менен» с. Ш.Шеркуловдуку
  • “Жаштарга” с. Ш.Шеркуловдуку
  • “Таласым” с. Ш.Шеркуловдуку ж.б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]