Шерлок Холмс: Көлөкө оюну

Википедия дан

"Шерлок Холмс: Көлөкө оюну" (англ. Sherlock Holmes: A Game of Shadows, орус. Шерлок Холмс: Игра теней) - 2011-жылы тартылган Британия-Американын детектив-уруш тасмасы. Режиссер Гай Ричи, продюсерлер Жоел Силвер, Лайонел Уигрем, Сюзан Дауни жана Дэн Лин. Тасма 2009-жылдагы "Шерлок Холмс" тасмасынын уландысы жана ал тасмадагыдай эле Артур Конан Дойлдун каармандары Шерлок Холмс жана доктор Ватсон катышат. Тасманын сценарийи Мишел Малруни жана Киран Малруни жазышкан. Роберт Дауни кич. жана Жуд Лоу кайра эле Холмс жана Ватсонду ойношкон, бул тасмада Симсанын ролун Нуми Рапас, Майкрофт Холмстун ролун Стефен Фрай, профессор Мориартинин ролун Жаред Харрис ойноо менен кошулушкан. Тасма түпнускадагы ойду толугу менен сактаган жана ага кошумча Конан Дойлдун "Акыркы көйгөй" жана "Бош үй" аттуу кыска аңгемелериндеги окуяларды кошкон. Тасмада Холмс жана Ватсон абдан куу душманы профессор Мориартинин согуш ача турган планына бөгөт коюу үчүн шайкелең цыган аял менен Европаны кыдырып жөнөшөт.

Тасма жарыкка чыккан соң аралаш пикирге кабылышкан жана 545 млн доллар топтоо менен ийгиликтүү сатылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]