Шимүүр

Википедия дан
Phlomis fruticosa.

Шимүүр (лат. Phlomis, L. 1753) – эрин гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын бийикт. 60 смге жетет. Жалбырак формасы жумурткадай, үч бурчтуктай же сызгычтай, сабакка тушташ жайгашкан. Желекчеси сары, мала кызыл, агыш. Гүлү эки эриндүү, сабак муунуна шакектеп жайгашып, жалпысынан машактай топ гүлдү түзөт. Мөмөсү – жаңгакча. 100дөй түрү жер жүзүнүн мелүүн жана жылуу, ысык алкактарында таралган, Кыргызстанда 13 түрү негизинен бөксө жана бийик тоодогу нымдуу боздоңдо, шалбаада, токой, бадал арасында өсөт. Балдуу өсүмдүк, бирок, гүл түтүгү узун болгондуктан, аары оңой менен жете албайт. Кай бир түрүндө эфир майы көп. Эл арасында айрымдары дарылыкка пайдаланылган, кооздук үчүн да өстүрүлөт. Айрымдары тоют катары силоско жарайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]