Шинто

Википедия дан
Шинто.

Шинто (жап. 神道; Shintō - кудайлардын жолу) – Жапониядагы дин. Алгачкы коомдук түзүлүштө пайда болуп, өзүнүн өнүгүшүндө көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгон. «Шинто» термини алгач ирет XVIII к. Шинтону буддизмден айырмалаш үчүн колдонула баштаган. 1868–1945-ж. С. Жапониянын мамлекеттик дини болгон. Бабаларга жана кудайга сыйынуу Шинтонун негизин түзөт. Кудайлар менен адамдардын ортосундагы байланыш күн кудайы Аматерасунун тукуму болгон император аркылуу ишке ашат. Император Жапониядагы бардык уруулардын башаты, теги катары эсептелинет, ага кудайдын жердеги өкүлү катары сыйынышат. Жапониядагы бардык императорлордун бабасы Аматерасу кудайдын тукуму катары Джимму эсептелет. Ал 660-ж. 11-февралда такка отурган, ушундан улам ал күн 1873–1948-ж. жана 1967-ж. бери өкмөттүн чечими менен империянын негизделген күнү катары майрамдалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов. Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б