Шире

Википедия дан

Ширелержемиш, мөмө, жашылчадан алынган маңыз.

Балдардын жана оорулуулардын тамактануусунда өтө маанилүү. Алардын составында углеводдор, минерял туздар, витаминдер, органикалык кислоталар, ферменттер жана башкалар бар. Жаңы даярдалган (накта) жана консерваланган түрдө колдонулат. Жемиштеги азык заттардын сакталышы үчүн Ширелерди консервалоодо аны мүмкүн болушунча азыраак кайнатуу керек. Ширелерди тундурулуп жана тундурулбай даярдалат. Тундурулбаган Ширелер пайдалуу, анда мөмөнүн даамы, өңү, жыты жана азык заттары сакталат. Витаминдер үйдө жасаганга караганда заводдо даярдалган Ширелерде жакшы жана көпкө сакталат. Жемиш жана мөмө Ширининдей эле жашылча Ширелерии да көп колдонулат. Томат Ширелери бышкан томаттан жасалып, өсүмдүктө болгон бардык витаминдер, айрыкча каротинге жана С витаминге бай, анда минерал туздар, кант жана органикалык кислота да болот. Томат Ширелери даамдуу келип, суусунду кандырат. Сабиз Ширелери каротинге бай; ошондой эле организмге керектүү кальций, фосфор жана темир туздары бар. Калориясы жана сиңимдүүлүгү жагынан сабиз Ширелери башка жашылча Ширелеринен артыкчылык кылат. Ал айрыкча балдарга, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга пайдалуу. Кызылча Ширелери кантка, минерал туздарга жана азоттуу заттарга бай. Аралашма жана концентрацияланган Ширелери баалуу азык болуу менен даамдуу келет. Аралашма Ширелер (мисалы, алма-жүзүм, алмасабиз) эки же андан да көп түрдүү Ширелерден турат.

Балдарга 1 —1,5 айынан тартып алма, карагат, жүзүм, сабиз Ширенин, 5—3,5 айынан тартып кара өрүк, чие, өрүк, бүлдүркөн, томат Ширенин бере баштаса болот. Адегенде аздан берип көндүрүү керек, антпесе баланын ичи өтүшү мүмкүн. Адепки күнү 2—3 тамчы, эртеси 5—6 тамчы берилет. Жарым жашка чейин балага 50 млге чейин, анан 60— 80 млге жеткирүү сунуш кылынат. Эгер баланын ичи көп өтсө лимон Ширенин, ичи катса сабиз жана апельсин Ширенин берүү оң. Ширинди балага тамактанып бүткөндөн кийин берүү керек, антпөсе табитин бузуп, тамак ичпей коюшу мүмкүн. Бүлдүркөн жана кожогат Ширенин берүүдө сак болуу керек, андан айрым балдар диатез болот. Жемиш Ширесинен кисель, мусса, желе даярдалат. Ширелер оорулуулар үчүн мүнөз тамак катары да пайдаланылат. Карын маңызынын кычкылы аз болсо кычкыл Ширелер (алманын, капустанын, чиенин, томаттын), ал эми кычкылы көп болсо таттуу Ширелер (өрүктүн, бүлдүркөн, жүзүмдүн жана башкалар) сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8