Шишдөбө шаар чалдыбары

Википедия дан

Шишдөбө шаар чалдыбары – 6–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Карабалта шаарынын түндүк тарабынан орун алган. Ал төрт чарчы коргондолгон эки катар дубал чептен турат. Ички чептин узундгу 12 км, сырткы дубалдыкы 28 км. Шаар эки бөлүктөн: борбордук бөлүктөн жана аны айланта калк жашаган шахристандан турган. Цитадели шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Археологиялык казуу иштери шаардын борбордук урандыларында жүргүзүлүп, турак-жайлар, чарбалык маанидеги курулуш бөл-мөлөрү, карапа идиштер, айнектен, металлдан жасалган буюм-тайымдар, ошондой эле 11– 12-кылымга таандык караханийлер дооруна таандык күмүш жана жез тыйындар табылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.