Шкив

Википедия дан

Шкив — тасмалуу кыймыл өткөргүчтө же аркандуу кыймыл өткөргүчтө пайдаланылуучу жазы дөңгөлөк формадагы тетик; ага туюк тасма же аркан кийгизилет.

Айлантма моментти берүүчү жумуш аткаруучу Шкив (жетелегич же жетеленме дөңгөлөк) валга шпонкалуу бирикме, шлицтүү бирикме ж. б. ыкма менен бекитилет. Шкив чоюн, болот, женил куйма, пластмасса, кээде жыгачтан жасалат. Шкивтин конструкциясы ар түрдүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4